text
stringlengths 1
405k
⌀ | source
stringclasses 7
values |
---|---|
Кино искусствосу жана Илимдер академиясы тарабынан берилген дүйнөдөгү эң белгилүү кино сыйлыгы Оскарда айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Академиянын башчысы Жон Бэйли менен жетекчиси Рассвет Хадсондун билдирүүсүнө караганда, 91-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде үч маанилүү өзгөрүү болду. Булардын биринчиси аземдин теледе көрсөтүү убактысына үч сааттык чектөө коюлушу, экинчиси аземдин дагы эрте тартылышы, үчүнчүсү жана эң маанилүүсү болсо Өзгөчө ийгиликке жетишкен популярдуу кинотасма темалуу номинацияны кошуу болуп саналат. Бул номинацияга Мстители, Безумный Макс сыяктуу белгилүү тасмалар көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Оскар сыйлыгы 2019-жылы 24-февралда тапшырылат. | Saat_kg |
Сүлүктү шаарында каракчылыкка шектелип 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 6-август күнү саат 17:00 чамасында болгон. 32 жаштагы аялдын үйүнө 20-25 жаш чамасындагы кыз кирип ага жана анын 12 жаштагы кызынын мойнуна бычак такап коркуткан. Кылмышкер аялдын сумкасындагы 100 миң сомун жана кол телефонун тартып алып, окуя болгон жерден из жашырган. Бул факты боюнча Сүлүктү ШИИБдин кызматкерлери ыкчам аркеттерди көрүп, шектүү катары Сүлүктү шаарынын Кош-Булак айылынын 20 жаштагы тургун А. кармады. Ал таежесинин үйүндө жашынып жүргөн, -деп айтылат маалыматта. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. | Saat_kg |
2018-жылдын 10 август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы Дача-Лира тилкесинде А. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн. Кызды издөө саат 8:30 да башталып, куткаруучулар саат 10:20 да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. | Saat_kg |
Ош шаарында июль айына карата 1 миллион 302 миң түп гүл отургузулду. Бул тууралуу кечээ, 9-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери менен болгон жолугушууда маалым болду. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова 2018-жылдын башынан баштап 650 түп ийне жалбырактуу, 2489 түп жазы жалбырактуу дарактардын, 37 000 түп бадал көчөттөр отургузулгандыгын маалымдады. Белгилей кетсек, отургузулган көчөттөрдүн ичинен 648 түп ийне жалбырактуу, 1240 түп жазы жалбырактуу дарактардын, 35000 түп бадалдардын көчөттөрү ишкананын питомнигинде өстүрүлгөн көчөттөр. Ошондой эле быйылкы жылы шаардын аймагына 2 миллион гүл отургузуу пландалган болсо, 2018-жылдын 1-июлуна карата 1 миллион 302 миң түп гүлдүн көчөттөрү отургузулду. Ошондой эле, Питомниктеги 5 сотых жерге 2000 түп туянын, 3 сотых жерге 1100 түп каштандын 30 сотых жерге 5500 түп дубдун майда көчөттөрү көчүрүлдү. | Saat_kg |
Кашкадарья облусундагы Яргунчи мечитинин кызматкерлери бир миллион сум садака (128 доллар) чогултууга милдеттендирилди. Диний мекеменин эшигине: Эгер мечиттин эсебине бир миллион сум садака түшпөсө, ал жабылып калышы мүмкүн, деген жарыя илинген. Мечиттин имамы Бурхан Пардаев бул маалыматты тастыктап, жарыя Муфтияттын Кашкадарья облустук башкармалыгынын буйругунун негизинде илингенин айтты. Ал садакка аз түшкөндүктөн кызматкерлер айлык акы албай жатышканын билдирди. Имам мечит эшигине жарыя илингенден бери садаканын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи. Биздин эсепке миллион сум түшпөсө дагы, элдер кичинеден жардам бере башташты. Мечити жок кыштактардагы мусулмандар жарыяны окугандан кийин 50 миң сумдан чогултуп берүүнү убадалашты, деди Яргунчи мечитинин имамы. Бул арада Өзбекстанда мечитке түшкөн акчаларды көзөмөлдөө күчөтүлдү. Имамдардын айтымында, мечиттеги үкөктөр ар жума күнү Салык комитети, ИИМ, Мажбурлап аткартуу бюросунун өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат. | Saat_kg |
Бүгүн, 10-августта Ош шаарында куруучулардын кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, архитекторлор, куруучулар катышты. Мэр Таалайбек Сарыбашов мамлекеттин жана шаардын экономикалык жактан өнүгүүсү курулуштан байкала тургандыгын белгилеп, куруучуларга кесиптик ишке чыгармачылык көз караш менен карап, шаардын инфраструктурасын өзгөртүүгө мындан ары да салым кошосуңар деген ишеничин билдирди. Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде куруучулардын кесиптик майрамына карата, шаардагы курулуштарга кошкон салымы үчүн 15 ге жакын куруучуларды жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлерин ардак грамота менен сыйлады. Ошондой эле, Ош шаардык кеңешинин төрагасы да куттуктоо сөзүн айтып, алдыңкы куруучуларга ардак грамота тапшырды. | Saat_kg |
Баткендеги Кадамжай районунда сууга аккан аял кишини куткаруучулар куткарып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 9-августта саат 16:30 чамасында Кадамжай шаарындагы Ак-Суу дарыясына аял киши түшүп кеткени маалымдалган. Айтылган дарекке 76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу барып, аялды суудан алып чыгышты. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин туугандарына беришкен. Сууга аккан аялдын өздүгү такталып, 1966-жылы туулган Ж. экени аныкталды. Учурда абалы канааттандырарлык. | Saat_kg |
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында Бирдиктүү терезе принциби боюнча кызмат көрсөтүүчү, салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча сервистик борбор ачылды. Ачылыш аземине МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаров, жергиликтүү салык органынын жетекчилиги жана кызматкерлери, түштүк калаанын мэриясынын жана БУУӨП өкүлдөрү, ошондой эле шаардын салык төлөөчүлөрү катышышты. Ведомствонун башчысы Т. Абжапаров өз сөзүндө белгилегендей, Сервистик борборду ачуу бул мезгилдин талабы. Салык кызматы салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл болгон бардык топтомун бир жерден алууга мүмкүн болгон мындай борборлорду ачуу менен, өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууда, бул албетте, жарандар үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле, Борбордун бирдиктүү терезе принциби боюнча иштөөсү салык кызматкерлери менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы түздөн-түз байланышты азайтууга алып келет. Сервистик борбордон каттоодон өтүп, салыктарды төлөөгө, отчетторду, эсептешүүлөрдү жана декларацияны тапшырууга, патент толтурууга жана узартууга, ошондой эле, тийиштүү маалыматтарды алууга болот. Борбордун мындай форматта иштөөсү салык төлөөчүлөрдүн убактысын үнөмдөөгө алып келип, салык төлөө, отчет тапшыруу, маалымкат алуу жана башка кызматтарды пайдалануу менен байланышкан процесстерди тездетет. Эскерте кетсек, 2017-жылы Ош шаарынын борбордук базарына салык кызматы ишкерлерди тейлөө боюнча алгачкы Сервистик борборун ачкан. Азыркы учурда, 37 салык органында бирдиктүү терезе иштейт. Мындан тышкары, ушул сыяктуу сервистик борборлор ири соода түйүндөрүндө жана базарларда ачылып, ишкерлерге иш жүргүзгөн жеринде эле салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. | Saat_kg |
Бишкек шаарындагы эт комбинатынын чатырынан чыккан өрт бир суткадан бери толук өчүрүлүп бүтө элек. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, кечээ, 9-августта, таңкы саат 4.50 лөр чамасында Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эт комбинатынын чатырынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен комбинаттын болжолдуу түрдө 5000 чарчы метр аянты күйгөн. Ушу тапта кырсыктын чоо-жайы такталып жатат. | Saat_kg |
Стамбулда миллиондогон жүргүнчүлөрдү кабыл алган Ататүрк аэропорту быйыл 31-октябрда жабылат. Ошол эле күнү шаардагы жаңы аэропорт ишке кирет. Алгачкы эл аралык каттам Азербайжанга жүргүзүлөөрү кабарланды. Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун жалпы аянты 76,5 миллион чарчы метрди түзөт. Терминалдын аянты 1,6 миллион чарчы метр. Шаарда ошондой эле Сабиха Гөкчен атындагы эл аралык аэропорт иштейт.31-октябрдан тарта Ататүрк аэропорту кызматтык, жеке жана өкмөттүк каттамдарды гана тейлей баштайт. Кийинчерээк аба майданы толугу менен ишин токтотот. Ата Түрк аэропортунан 2017-жылы 32 миллиондон ашык чет өлкөлүк жүргүнчү өткөн. Алардын 105 миңге жакыны кыргызстандыктар. | Saat_kg |
Шымкент шаарында мектепке диний кийимчен барган 22 окуучунун ата-энеси айыппулга жыгылды. Калаанын Билим берүү департаментинен билдиргендей, жалпысынан быйыл мектепке 148 кыз жоолукчан келген. Маалыматтарга караганда, билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында административдик кодекстин тартиптерин бузууга байланыштуу 22 ата-энеге айыппул салынган, дагы жетөөнө эскертүү берилген. 29 үй-бүлөнүн төртөө мектепте кыздарынын жоолугун чечүүгө макулдук берген. 148 кыздын 89 унун ата-энеси мектеп талаптарына көнүүдөн баш тартууда. Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы бирдиктүү мектеп формасы тууралуу буйругу Актөбө, Батыш Казакстан, Мангистау жана Түштүк Казакстан облустарында жоолук жаңжалын жараткан. Аталган аймактарда хиджапчан кыздарды сабакка киргизбей койгон мектеп жетекчилигин ата-энелер сотко берген. Бул ишти караган соттор Билим берүү жана илим министрлиги менен мектептердин позициясын колдогон. Быйылкы окуу жылынын соңунда Казакстан билим берүү жана илим министрлиги Актөбө облусунда сабакка киргизилбеген жоолукчан кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн экенин эскерткен. | Saat_kg |
2018-жылдын 12-13-август күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн, -деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Маалыматка караганда, 12- 13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. | Saat_kg |
Көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуков 7-августта мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазды. Анын сотко жазган доо арызында Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп турган кездеги өзүнө карата болгон аракеттерди мыйзамсыз деп табуу, Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык андан жоопкер катары 50 миң сом өндүрүп берүү өтүнүчү камтылган. Ошондой эле соттук чыгымдарды төлөөнү Индира Жолдубаевага милдеттендирүүнү сураган. Ормуков өзүн сотко жетирген Ажонун ооруп жүрөгү деген кыргыз тилиндеги ырын прокуратура органдары орусча экспертиза кылганы туура эмес деп эсептейт. Териштирүү учурунда ар кандай убаракерчилик тартып, кысым көрсөтүлгөнү үчүн ошол кезде Башкы прокуратураны жетектеген Индира Жолдубаева жооп бериши керектигин айтууда. Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев укук коргоо органдарына арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл мартта Ормуковду соттук отурумдарга келбей жатат деген жүйө менен бир айга 1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, 1 тергөө абагына камаган. Ал абактан 11-майда чыккан. Башкы прокуратура 2-июлда Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда анын арызы убагында каралган эмес, эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулган деген айыптын негизинде Жогорку соттун үч судьясына жана Бишкектин 1 тергөө абагынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Шалаакылык, Адамды мыйзамсыз кармоо беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Ормуков судьялардын үстүнөн арыз жазбаганын билдирип, муну Башкы прокуратуранын өз күнөөсүн жабуу аракети катары баалап жатат. Ишти азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөөдө. Ормуков өзүнө козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук катары бааласа, депутат Дастан Бекешев мындай дооматты четке каккан. | Saat_kg |
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Спортчулардын билдирүүсү автоматташтырылган электрондук аккредитация системасы аркылуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дарегине келип түштү. Спорттук делегациялардын аккредитация системасынан өтүү 2018-жылдын 31-июлунда аяктады. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирме берген көп спортчулардын саны Кыргызстанга таандык. Өлкөнүн спорттук курамы 458 кишиден турат. Спорттук курам боюнча 2-орунда Орусия Федерацияциясы 235 адам, Казакстан 195, Өзбекстан 108, Пакистан 91, Иран 92, Түркмөнстан 65, Индия 64, Афганистан 62, АКШ 58, Тажикстан 55, Украина 46, Кытай 37, Шри-Ланка 34, Монголия 21, Франция 19, Польша 23. 17 спортчулардан Беларусь жана Болгария. Калган өлкөлөрдүн спортчуларынын саны 16 га чейин. Спортчулар спорттун 37 түрү баюнча таймашат. Жалпысынан 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байге фонду 26 млн сомдон ашуун. Оюндар 2018-жылдын 2 8 сентябрында өтөт. | Saat_kg |
2018-жылдын 7-августуна карата Кырчын жайлоосуна алып баруучу 34,7 чакырым авто жолду шагыл менен оңдоп-түздөө иштери аяктады. Бул иштердин алкагында: узундугу 13,7 чакырым болгон Григорьевка Көл Кашка-Суу авто жолу; узундугу 21 чакырымды түзгөн Семеновка Аксуу авто жолу. Ошондой эле Семеновка Аксуу авто жолунун 15 чакырымында көпөрөлөрдү кеңейтүү иштери аяктады. Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы 2 мамлекеттик резиденциянын ички жолдоруна жана Рух Ордонун кайрылышына, асфальт жаткыруу толугу менен аяктады. Жалпысынан 81266,0 м2 аянтка асфальт төшөлдү. Ысык-Көл районунун Бактуу-Дөлөнөтү айылы аркылуу Чолпон-Ата Бостери авто жолу боюнча көпөрөлөрдү (3 бирдик) оңдоолорду эске алуу менен узундугу 3,7 чакырым айланып өтүүчү жолду шагыл менен жабуу боюнча бүгүнкү күндө жолдун негизги бөлүгүн кеңейтүү багытында шагыл, кум аралаштырмаларын ташуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан 8 Хово маркасындагы автоунаа жана бир эксковатор тартылган. Ысык-Көл районундагы Тамчы айлындагы аэропорттун кире беришине (52 х137 м) унаа токтотуучу жай даярдоо жана шагыл менен жабуу, жолду пландоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле, оптималдуу аралашмаларды ташып жеткирүү жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин аяктоо 2018-жылдын 15-августуна чейин пландалган. Аврора (0,3 км), Акмарал (1,1 км), Карвен (0,7 км) жана Кыргызское взморье (2,6 км) пансионаттарына алып баруучу жалпы узундугу 4,7 чакырым авто жолдорго асфальт төшөө иштери боюнча локалдык смета түзүлгөн. Бүгүнкү күндө каржы булактарын аныктоо маселелери жана курулуш иштерин ыкчам аткаруу каралып жатат.2018-жылдын 7-августуна карата 2018-жылы асфальт-бетон төшөө катмарынын алдынкы жана үстүнкү катмары Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду авто жолунда төмөнкү бөлүктөрдө 27,5 чакырымга аткарылган: 23 төн 33 чакырымга узундугу 10 чакрым (сол тарабы); 33 төн 43,5 чакырымга узундугу 10,5 чакырым (эки тарабы) жана 10 чакырым үстүнкү катмар сол тарабы; 85 тен 104 чакрымга узундугу 7 чакырым (орундарда); мындан сырткары 7 чакрымдан 23 чакрымга жасалма курулмалар менен байланышкан трубаларды алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Улуттук банктын төрагасы ишке ашырылып жаткан акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Мамлекет башчысына чакан ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди. Тагыраак айтканда, Улуттук банктын Кепилдик фонд Ачык акционердик коомунун капиталына кириши жөнүндө маселе каралды. Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, Кепилдик фондун капиталдаштыруу региондордо берилип жаткан насыялардын санын жана көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Улуттук банктын Кепилдик фондунун капиталына кириши үчүн тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкты жана коомдук талкууга чыгарылган. Мындан тышкары, Толкунбек Абдыгулов Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондусу тарабынан Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен Кепилдик фондго 100 млн сом насыя берилгенин белгиледи. Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештер менен болгон кечээки жолугушууну жана Мекендештер форумуна катышканын эске салды. Ал чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандыктар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышууга даяр экенин белгиледи. Көптөгөн мекендештерибиз каражаттарын өлкөбүздүн экономикасына инвестициялоого, биргелешкен заводдорду, социалдык объектилерди курууну каалашат. Биздин милдет бул үчүн аларды тийиштүү инструменттер менен камсыз кылып, колдоого алуу. Ушуга байланыштуу Улуттук банк Өкмөт менен биргеликте тийиштүү иш жүргүзүшү керек, деп белгиледи Мамлекет башчысы. Сооронбай Жээнбеков ишкерлер үчүн насыялардын үстөгүн мындан ары төмөндөтүү үчүн чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи жана чакан бизнести насыялоонун көлөмүн арттыруу боюнча активдүү иш жүргүзүүнү тапшырды. Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик финансы мейкиндигин, банк инфраструктурасын өнүктүрүү, накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, ошондой эле өлкөнүн региондорунда банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүү маселелерин Улуттук банктын жана бүтүндөй банк системасынын ишинин артыкчылыктуу багыттары катары атады. | Saat_kg |
КТРКнын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага орой мамиле жасаганы үчүн Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев жумуштан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым ылайык, Бейшеналиев өзү иштеген башкармалыктын жетекчисинин буйругу менен бошотулду. Кечээ Ала-Тоо24 каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкулова эжеге орой мамиле кылган мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын 2018-жылдын 9-августундагы 22-л буйругуна ылайык жумуштан бошотулду. Аталган кызматкер Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын Этика кодексинин 5 беренесин так аткарбагандыгына, ошондой эле норма этиканы сактабагандыгына байланыштуу этика комиссиясынын тыянагы менен бошотулду- деп айтылат маалыматта. Журналист Бурулай Пусурманкулова 8-августта Фейсбуктагы баракчасына видео жарыялаган. Анда Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлү, Рустам аттуу кызматкер журналисттерге катуу сөз айтып, кагып-силккени жана сөккөнү тартылып калган. | Saat_kg |
Жума намаз маалында Өзбекстандын мечиттеринде имамдар өз жанын кыюу исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири экендиги тууралуу баяндарды айта башташты. Мындай тапшырманы аларга өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен беришкен. Өз өмүрүнө кол салууга каршы баяндар жаштарга өлкөдөгү бардык мечиттерде айтылууда. Мындай тапшырманы Дин иштери боюнча комитеттен беришкен. Буга өлкөдө өз жанын кыйгандардын санынын көбөйгөндүгү себеп болууда. Суицидге ишеними алсыз адамдар барышат. Бизге динде өз өмүрүнө кол салууга тыюу салынганын түшүндүрүү тапшырмасы берилди, деди жергиликтүү мечиттердин биринин имамы. Ал ортодо айрым мечиттердин имамдарына үймө-үй кыдырып, жарандарга өз жанын кыюу исламда чоң күнөө экенин түшүндүрүү тапшырмасы берилгени айтылууда. Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитетинин Ислам уюмдары жана мечиттердин имам-хатибдери менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери имамдарга суицидге каршы баяндарды айтуу тапшырмасы берилгенин ырастады. Акыркы эки айда Өзбекстанда өз жанын кыйгандардын саны өсүп кеткендиктен, имамдарга жума баяндарын ушул темада айтуу тапшырмасы берилген. Бизге суицидге баргандардын так санын айтышкан жок, бирок акыркы кездери андай учурлар кескин көбөйүп кеткенин билдиришти. Бирок биз имамдарга жума баяндарын гана айтууну тапшырганбыз, үйлөрдү кыдыруу тапшырмасы болгон эмес. Мындан тышкары биз бул темада макалаларды жарыялап, социалдык роликтерди тартып жатабыз, деди ал. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Өзбекстанда жыл сайын 100 миң адамдын алтоосу өз жанын кыюуга барат. Бирок расмий эмес маалыматтарда бул сандар кыйла көп. Мурдараак президент Шавкат Мирзиёев өкмөт жыйыны маалында суицидге баргандардын саны көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген. | Saat_kg |
Бишкекте Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ачылды. Бишкекте Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Ажыбек баатырга чейинки бөлүгү ачылды. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдашты. Белгилей кетсек, бүгүн Айтматов проспектисинин башка бөлүгү ремонтко жабылды. | Saat_kg |
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII эл аралык Айтыш-2018 төкмө акындардын сынагы өтөт. Бул тууралуу республикалык Айтыш коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, төкмө акындардын айтышынын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Тандоо турунан өткөн 8 кыргыз акыны Казакстандан келген 8 акын менен айтышат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат, -деп айтылат маалыматта. Тандоо туру 15-августта саат 10:00 дө Манас кинотеатрында өтөт. | Saat_kg |
АКШда алдамчылык иши боюнча кармалган үч казак жаранына акчанын изин жашыруу айыбы тагылды. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди. Анын айтымында, аларга айып 8-августтагы алгачкы соттук угуу маалында тагылды. Кийинки отурум октябрга белгиленди. Казакстандын үч жараны Диора Аширова, Азиза Жалолова жана Елена Кудайбергенова башка 22 киши менен бирге алдамчылык иши боюнча айыпталуучу катары өтүп жатышат. Эгер алар бул иш боюнча күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн. Буга чейин казак ТИМи бир казакстандык ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганын кабарлаган. Өткөн айда АКШнын Юстиция министрлиги 25 киши, анын ичинде мурдагы СССР өлкөлөрүнүн, АКШнын жана Түркиянын жарандары автоунаа сатууга байланышкан ири алдамчылыкка айыпталып жатканын кабарлаган. Маалыматка караганда, айыпталуучулар интернетке автоунаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыяларды жайгаштырып, алдангандардан алынган акчаны жалган компаниялар аркылуу АКШнын сыртына которуп турушкан. Бул схема 2016-жылдын ноябрынан 2018-жылдын июлуна чейин иштеп келгени кабарланууда. Шектүүлөр мындай жол менен төрт миллион долларга жакын акча табышкан. | Saat_kg |
10-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1823, күндүз 3338,Талас жергесинде түнкүсүн 1318, күндүз 3035,Баткен облусунда түнкүсүн 1924, күндүз 3439,Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1318, күндүз 2631,Нарын облусунда түнкүсүн 914, күндүз 2333,Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2+3, күндүз 1318 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түндө 2123, күндүз 3638 градус ысыйт. | Saat_kg |
Тажикстандын Билим берүү министрлигинин чечиминин негизинде, быйыл июлдан тарта өлкөдөгү балдар үйлөрүндө жетимдер гана калышы керек. Бул тууралуу Хатлон облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлү Сафар Давлат билдирди. Анын айтымында, балдар үйлөрүнө кабыл алына тургандарда чынында эле толук же ата-энесинин бирөөсүнүн камкордугусуз калгандыгы тууралуу соттун чечими болушу керек. Сафар Давлат белгилегендей, мындай чечим акыркы кездери ата-энелердин көбү балдарын өз алдынча тарбиялоону каалабай, жүктү мамлекетке оодарып жаткандыктан улам кабыл алынган. Хатлон облусундагы жетим балдар үйүнүн директору Ражаб Шокиров андагы 254 баланын 113 ү өз үйлөрүнө же туугандарыныкына кетиши керектигин билдирди. Айрымдары жакшы шарттарда жашашат. Ата-энеси ажырашып кеткендер алимент, жөлөк пул алып турушат, деди ал. Бул жаңылык балдарын жалгыз тарбиялап жаткан энелер үчүн күтүүсүз болду. Жергиликтүү тургундардын бири мурдагы күйөөсү Орусияга иштегени кеткенин, андан алимент албай турганын айтууда. Мен кызымды интернатка айласыздан бергем. Мен анын курсагын тойгузуп, билим бере албайт болчумун. Эгер аны үйгө алып кет десе эмне кылам билбейм, деди ал. Тажикстанда жалпысынан 77 балдар үйлөрү бар, анда 46 миң бала тарбияланат. | Saat_kg |
Бишкек шаарына Орусия менен Беларустан жаңы 37 троллейбус алып келинди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, троллейбустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылаган Бишкектин коомдук транспортун жакшыртуу долбоорунун алкагында сатып алынды.37 троллейбустун он беши Беларус, 22 си Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан. Троллейбус чыгарган заводдордун адистери Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочуларына транспортту башкаруу тууралуу кеп-кеңештерин берип, үйрөткөнү кабарланды. Башкалаада жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу жаңы троллейбустардын 70 пайызы ишке киргизиле элек. Шаарда коомдук транспорттун тартыштыгы эң курч көйгөйлөрдүн бири. | Saat_kg |
Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгы боюнча ишти кароо кийинкиге жылдырылды. Буга адвокаттардын сотту Актөбө шаарында өткөрүү өтүнүчү себеп болду. Иргиз райондук соту бул ишти 7-августта карап башташы керек болчу.8-августта Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматы адвокаттардын арызын облустук соттун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы карай турганын билдирди. Райондук соттун имараты жайгашкан Иргиз айылы менен Актөбө шаарынын ортосундагы аралык 430 чакырымды түзөт. Бул иш боюнча айыпталуучу катары беш адам өтүүдө. Алар авобустун үч айдоочусу жана Азия транзит сервис фирмасынын эки өкүлү негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган. Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун жылытуу үчүн каңдагыч лампа колдонуудан улам чыккан. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ишенимдүү башкарууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор үчүн өткөрүп берилүүчү мамлекеттик объекттердин тизмесин түзүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик менчикти башкаруу принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү иштерин улантуу зарыл. Мамлекеттик менчиктеги мүлк калктын кызыкчылыгы үчүн иштеп, киреше алып келиши керек. Учурда мамлекеттик менчиктин саны көп болгону менен, ондогон гана ишканалар рентабелдүү иштеп жана жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат. Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же ишмердигинин кайтарымын жогорулата турган бизнес өкүлдөрүнө ишенимдүү башкарууга берилиши керек, деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Премьер-министр айрыкча белгилегендей, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу институтун киргизүү үчүн алардын абалын талдап жана инвесторлорго МЖӨ алкагындагы долбоорлор катары кароого киргизүү зарыл. Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында көрүлүп жаткан кадамдар өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү компоненттердин бири болуп калат. Бүгүнкү күнү инвесторлор үчүн инвестициялык лотторду түзүү чечими кабыл алынды. Бул чечим бизнес үчүн бюрократиялык жана коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууну шарттайт. Лотторду түзүү өсүү түйүнү катары тандалган 20 шаарга инвесторлорду тартууга жол ачат, деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Өз кезегинде Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымдагандай, учурда токтоп турган жана жарым-жартылай пайдаланылган имараттардын, курулуштардын, жер тилкелердин саны көп. Аларды толук кандуу пайдалануу шарттарын түзүү максаттарында мындай объекттердин тизмеси түзүлгөн, бул биргелешкен ишканаларды ачуу жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизнеске сунушталуучу 87 лот. 2018-жылдын сентябрында инвестициялык форум өткөрүү пландалууда, мында биз бардык лотторду сунуштайбыз. Мында инвесторлор аракеттешүүнүн ыңгайлуу механизмин өздөрү тандашат МЖӨ алкагында иштешеби же ишенимдүү башкаруунун негизиндеби, деди ал. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна айдын аягына чейин ишенимдүү башкарууга жана МЖӨ долбоорлору үчүн өткөрүп берилүүчү мамобъекттердин тизмесин даярдоону тапшырды. | Saat_kg |
Бүгүн, 9-август күнү Бишкек шаарынын Ленин районунун, Москва жана Ю. Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинатынан өрт чыккан. Маалыматка ылайык, өрт саат 11:23 тө чектөөгө алынды. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53 төн баштап жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана куткаруучулар тартылды. Ошондой эле жерине ИИМ кызматкерлери жана Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. | Saat_kg |
Бүгүн, 2018-жылдын 9-августу күнү Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылат. Нарын суусуна чөгүп кеткен жаранды издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2 Издөө-куткаруу отрядынан 3 куткаруучу жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылды, -деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 4-август күнү саат 15:30 чамасында Нарын суусуна 1988-жылы туулган Б. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Ошол күндөн бери куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө. | Saat_kg |
Чолпон-Ата шаарында уурулук менен алектенип жүрүшкөн Нарын облусунун тургундары кармалышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Көмүскөдөгү жай жана Нелегал операцияларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынан келип, эс алып жүрүшкөн жарандардын өздүк мүлктөрүн уурдаганга шектелишип, Нарын облусунун тургундары 36-жаштагы Т. уулу Жумгалбек жана 22 жаштагы Ж. уулу Арген кармалышты. Белгилеп кетсек, 23-июлда Ысык-Көл РИИБне Өзбекстан Республикасынын жарандары 60-жаштагы Долорес Кан, 62-жаштагы Екатирина Ли жана 51-жаштагы Инна Кан арыздар менен кайрылышкан. Жабырланычуу адамдардын көрсөтмөсүндө, алар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Персона жеке менчик эс алуу жайында эс алып жүрүшкөн. Көлгө түшкөнү кетишкенде, белгисиз адамдар коттеджде кишинин жоктугунан пайдаланышып киришип, эки Самсунг А5, Самсунг С4 уюлдук телефондорун, эки айпадын жана 660 АКШ долларын түзгөн акча каражаттарын уурдап кетишкендигин билдиришкен. Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБнин тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 164 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 15 күндөн кийин уурулука шектүү адамдар кармалышкан. Кармалган шектүүлөр Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди жана кылмыштуу тобунун мүчөлөрү башка жасалган уурулуктарга, жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан текшерилүүдө. | Saat_kg |
Чүй облусунда изделип жаткан 86 жаштагы Герасим Москалев аттуу тургун табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Москалев 8-август күнү кечинде Бишкектин батыш тарабындагы Шлагбаум тараптан табылган. Анын эс-тутуму начар жана оң буту жок болуп майыптардын арабасында отургандыктан ал жакка кандай жагдайда барып калганы азырынча белгисиз. Учурда себеби такталып жатат. Герасим Москалев 7-август күнү Аламүдүн районундагы Достук дачасындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. | Saat_kg |
Бишкекте эт комбинаты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-августка караган түнү Бишкектеги Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинатынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 04:53 төн баштап жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм жана куткаруучулар тартылды. Ошондой эле жерине ИИМ кызматкерлери жана Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. Кошумча маалымат берилет, -деп айтылат маалыматта. Министрликтин маалымат кызматы буга чейин ун завод күйүп жатат деп билдирүү тараткан. | Saat_kg |
Чүй облусу менен Бишкек шаарынын бир катар бөлүгүндө газ өчөт. Бул тууралуу Газпром Кыргызстан ишканасынан маалымдашты. Газ берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 10-августта саат 8:00-17:00 аралыгында Сокулук айылынын Ала-Арча, Ленин көчөлөрүндө; 13-августта саат 8:00-17:00 аралыгында Токмок шаарынын Береговая55,57,59,61,63,65,67; Комсомольская 175,177,179,181,183,185; Казахстанская 50,52,54,56,58,60 көчөлөрүндө; -13-15-августта Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда: ВБЧК, Виноградная, темир жол (Путепроводная), Ауэзов, Жанар ЖЧКсы, Реемтсма ЖЧКсы, Алтын Ажанар ЖЧКсы, Чолпон-Ата көчөсүндөгү наабайканада, ТТС, курулуш бөлүктөрдүн комбинаты; Шабдан Баатыр 3,3/1,3/2; 13-15-августта Восток айылында. Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. | Saat_kg |
Үмөталиев көчөсүнүн кезектеги бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталды. Ал 28-августка чейин уланмакчы. Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды, -деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы. Бул жылы Үмөталиев көчөсүнүн 2 чакырымдай бөлүгү Жибек Жолунан Бөкөнбаевге чейин оңдолот. Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт. | Saat_kg |
9-август күнү саат 02:19 да Кытай Эл Республикасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, термелүү Кыргызстанда да сезилди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. | Saat_kg |
ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 9-август күнү саат 04:53 тө Бишкек шаарынын Ленин районунун, Москва жана Ю. Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ун чыгаруучу заводдон өрт чыккан. Болжолдуу түрдө 1000 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда материалдык чыгым жана өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок, -деп айтылат маалыматта. | Saat_kg |
Экономика министрлиги Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын иликтейт. Министрлик кабарлагандай, изилдөө жүргүзүү укугу тендерде утуп чыккан эл аралык Pricewaterhause Coopers LLP компаниясына тийди. Эксперттер көмүскө экономиканын негизги себептерин иликтеп, аны азайтуунун жолдорун сунуш кылышат. Анын жыйынтыгы менен Экономика министрлиги 2019-2020-жылдарга карата иш мерчемин түзүп чыгат. Министрлик көмүскө экономиканын көлөмү дагы эле чоң экенин белгилейт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы экономиканын көмүскө бөлүгү 23,8 пайызды түзгөн. | Saat_kg |
Ош шаарынын айрым аймактарында 9-август күнү 09:00 дон 17:00 го чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде убактылуу электр энергия берүү токтотулат.10 Курманжан Датка аймактык кеңешине караштуу Н. Кулматов көчөлөрүндө жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Озгур айылында. | Saat_kg |
Казакстан Коомдук өнүктүрүү министрлиги мектептердин жанында жайгашкан диний жайларды бузбай турганын билдирди. Өткөн жумада жергиликтүү басылмалар мектептен 300 метрге чейинки аралыкта жайгашкан мечиттердин бузулушу ыктымал экенин жазышкан. Коомдук өнүктүрүү министрлиги иштеп жаткан диний мекемелердин имараттарын түрттүрүү талаптары мыйзамда көрсөтүлбөгөнүн айтып, алардын бузулбай турганын белгиледи. Ошол эле маалда министрлик 2017-жылы 9-июнда дин иштери жана жарандык коом министринин буйругу менен кабыл алынган нускаманын 7-пунктуна шилтеме жасады. Ага ылайык, диний иш-чараларды өткөрүүгө арналган имараттар (диний билим берүү мекемелеринен тышкары) мектептерден кеминде 300 метр алыс жайгашуусу керек. | Saat_kg |
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 1932-жылы туулган Москалев Герасим Ивановичти издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти. Маалыматка караганда, пенсионер Пригородное айылында жашайт. 7-августта үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Өзгөчө белгилери: бою 173-175 см, арык дене түзүлүштө, чачы ак, кыска. Клетка рубашка, кара жеңи жок пенжек, көк шым кийип жүргөн. Ал эсин жоготуп коет. Анын оң буту жок, майыптар коляскасында жүрөт. Сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо, Аламүдүн РИИБинин 0 (312) 36 35 27, 36 35 23, 0 (700) 67 55 56, 0 (700) 20 96 66 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот. | Saat_kg |
Бүгүн, 8-август күнү Ош шаарынын мэриясынын кезектеги Коллегиялык жыйыны болду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төргагасы Жапарбек Ормонов, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери келип катышты. Коллегиялык жыйында эки маселе каралды: Ош шаарынын 2018-жылдын биринчи жарымындагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө; Ош шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында сууда, жол-транспорт кырсыгында каза болгон, өзүнүн өмүрүнө кол салган, эрте турмуш куруу жана кыз ала качуу, балдарга карата жасалган кылымыш фактылардын жана жашы жете элек балдар тарабынан жасалган кылымыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө; Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саипжан Турдуев биринчи маселеле боюнча токтолуп, Ош шаарындагы баардык көрсөткүчтөр боюнча 6 айдын жыйынтыгын берди. Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 94 млн. сомго көбөйгөн; Айыл чарба продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 101,2 пайызды, же 317 млн. 600 миң сомду түзгөн. Курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 1 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,6 пайызга өскөн. Негизги капиталга тартылган инвестициялар 987 млн. сомду түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 40 млн. Көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн өсүү темпи 103,7 пайызды. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык жана салык эмес кирешелери боюнча (атайын каражаттарды кошкондо) 1 млрд. сом план жеткирилсе, аткарылышы 2 млрд. сомду түзүп, пландагыдан 1 млрд. сомго же 87,5 пайызга, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 309 млн. сомго көп жыйналган. 2018-жылдын январь-июнунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча (атайын каражаттарды кошпогондо) 420,4 млн. сом план жектирилсе, аткарылышы 439,7 млн. сомду түзүп, пландагыдан 19,3 млн. сомго көп салык чогултулган. Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн аткарылышы 893 млн. сомду түзүп, 104,1 пайызга же 35 млн. 500 миң сомго ашыгы менен аткарылган. Жогоруда белгилеп кеткен көрсөткүчтөрдөн да башкалары отчеттук мезгилде өсүү темпи менен жыйынтыкталды деди С. Шаар башчысы салык кызматын, саламаттык сактоо, билим берүү тармагын кескин сындап, тез аранын ичинде коррупция менен күрөшүүнү колго алып, бөлүнүп жаткан акча каражаттарды максаттуу пайдаланууну тапшырды. Ошондой эле, мекеме-ишканалардын жетекчилерин жыйынтыктуу иш кылып, шаардын бюджетин көтөрүп, гүлдөоп, өсүшүнө салым кошкула деп кошумчалады. | Saat_kg |
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө 11 өлкө Орусия жана Грузия согушунун он жылдыгына карата билдирүү таратты. Грузияга жан тарткан топ Москваны оккупацияланган грузин аймагынан аскерлерин чыгарууга жана Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануудан баш тартууга чакырышты. Орусиялык аскерлер Грузияга кол салганына он жыл өтсө да, биз грузин аймактарын басып алуу уланып жатканына кабатырбыз. Биз жаңжалды БУУнун Хартиясы, Хельсинки макулдашуусу жана эл аралык укуктардын фундаменталдык нормалары менен принциптерине ылайык, тынчтык жол менен чечилиши зарыл деп эсептейбиз , деп айтылат билдирүүдө. Билдирүүгө кол койгон өлкөлөр Грузияда ЕККУнун байкоочу миссиясын түзүү керектигин айтышты. АКШнын Мамлекеттик департаменти дагы Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир жолу баса белгиледи.2008-жылдын 8-августунда башталган орус-грузин согушунда 412 грузин жараны мерт болгон. Орусия 67 аскер кызматкеринен айрылган. Согуштун соңунда Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз мамлекет деп тааныган. 2008-жылдын сентябрь айында расмий Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакасын токтоткон. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында Мекендештер форумуна катышты. Форумда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, чет мамлекеттерден келген мекендештер сөз сүйлөштү. Форум андан ары суроо-жооп форматында улантылды. Мамлекет башчысы форумдун катышуучуларынын мамлекетибизди өнүктүрүүгө, мекендештерибиздин кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу суроолоруна жооп берди. Аягында Президент Сооронбай Жээнбеков жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун мекендештерибиз менен жолугушуусу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады. | Saat_kg |
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөнү турат. Оюндарга 80 мамлекеттен 3000 ден ашык спортчу катышат. Ал эми ири маданий жана спорттук иш-чараны көрүү үчүн келе турчу чет өлкөлүк жана жергиликтүү меймандар үчүн 2GIS жол көрсөтүүчү атайын программа иштеп чыкты. III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгынын маалыматына ылайык, жол көрсөтүүчү тиркемеде бардык негизги маалыматтар камтылган. Катышуучулар же маданий же спорттук иш-чаралар өтүп жаткан жерлер, спорттук аянтчалар тууралуу маалыматтарды ала алат. Биз беттештер өтө турчу аянтчалар, концерттик сахналардын дарегин көрсөтүүчү атайын гидди иштеп чыктык. Мисалы: бүркүтчү-мүнүшкөрлөрдүн, жаачылардын мелдештеринен тарта, ат чабыш өтүп жаткан ат майдан, балбандар күрөшүп жаткан аянтчаларга чейин толук маалыматтар камтылган дейт оюндарды өткөрүү катчылыгы. Каалаган адам өзүнүн жеке автоунаасында, ошондой эле коомдук транспорт менен дагы оюндар өтүүчү жайга чейин маршрутту багыттап алса болот. Навигаторго коюлган маршрут интернет тартпаган жерде да иштеп, көздөгөн жерге жеткирет. Бул мобилдик тиркемеде багыттагычты капталындагы менюдан табууга болот. Ал эми 2GIS сайтынан Көчмөндөр оюндары деп издеп колдонуучулар таба алат. Чет өлкөлүк туристердин ыңгайлуулугу үчүн багыттагычта оюндар өтүп жаткан аймактагы кафе же тамактануучу жайлар, мейманканалар, Ысык-Көлдүн аймагындагы туристик жайлар жана Бишкек шаарындагы кооз жерлер дагы белгиленген. | Saat_kg |
Эртеӊ, 9-августта Кыргызстандын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1823, күндүз 3237,Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1217, күндүз 2530,Нарын жергесинде түнкүсүн 1116, күндүз 2833,Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2+3, күндүз 1217 градус болот. Эртеӊ, Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2022, күндүз 3537 градус жогорулайт. | Saat_kg |
Бишкек шаарынын мэрлигине шайланган Азиз Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам бузбай иштөөгө аракет кыларын айтты. Ага каршы нааразылыкка чыккан активисттердин аракетин демократиялык коомдогу көрүнүш катары баалады. Ошондой эле ал мурдагы мэрлер сыяктуу кылмыш иши козголуп, камалуудан коркпой турганын, мыйзамдуу иштегенге аракет кыларын билдирди. Кызматка киришкен соң командаңызды алмаштырасызбы? деген суроого ал мындайча жооп берди: Бул тууралуу ойлоно элекмин. Аймактык шайлоо комиссиясынын чечими чыкмайынча муну талкуулоо туура эмес.8-августта Азиз Суракматовду шаардык кеңештеги депутаттар көпчүлүк добуш менен мэрликке шайлады. Шайлоо жүрүп жатканда мэриянын имаратынын алдында ондогон активисттер нааразылык акциясын уюштурушту. Суракматов шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган жалгыз талапкер катары шайлоого ат салышты. | Saat_kg |
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган Кеӊеш түзөт. Бул туураалуу Мамлекет башчысы бүгүн, 8 августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Мекендештер форумунда билдирди. Мекендештерге кайрылып Президент Сооронбай Жээнбеков сиздер азыр Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу мыкты сапаттарга ээ болуп калдыӊыздар деп белгиледи. Чоң ийгиликтерге жеткен, ири инвестициялык долбоорлорго каражат салсак, инвестицияларды тартып келсек деген мекендештерибиз бар. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн, үйрөнгөн көптөгөн жакшы иштерди Кыргызстанга алып келип, алар өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылышууда. Мекенчил замандаштарыбызга бирдиктүү платформа, бириктирүүчү аянт керек. Мамлекет менен чогуу иштөө үчүн, мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзсөк максатка ылайыктуу болот. Бул кеӊешти Президентке караштуу кылып түзсөм деген оюм бар, деп билдирип, Сооронбай Жээнбеков мекендештерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи. Сиздердин артыӊарда калдайган элиӊер, кызыкчылыгынарды коргогон мамлекетиӊер, ишенимдүү тылыӊар бар, деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. | Saat_kg |
Өзбекстан ТИМи билдиргендей, 1-7 август аралыгында Ферганада эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Анын жүрүшүндө тараптар аймактарды иликтөөнүн жыйынтыктарын карашты. Жолугушуу учурунда Фергана жана Баткен облустарына чектеш Шахимардан жана Газнов тилкелери аныкталды. Андан соң протоколго кол коюлуп, Фергана, Наманган жана Баткен менен Жалал-Абад облусундагы калган тилкелерде иликтөө жүргүзө турган күндү белгилешти. Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% жыл 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында Рух-Ордо комплексинде өтүп жаткан Мекендештер форумуна катышты. Форумдун катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы кыргызстандыктар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрсө да башка мамлекетте туруп, өз өлкөсүнүн, Кыргызстандын келечегине толгонот, өнүгүүсүн эӊсейт, өлкөнүн тагдырына, келечегине кайдыгер карай албайт, деп белгиледи. Бул жерде дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерибиз олтурасыздар. Сиздер менен максатыбыз чогуу, кыялыбыз бир. Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн, мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал ушул вазийпаны аткарып, көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыз кылып, жолугушуусун уюштуруп, баарын бириктирип жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди. Мекендештер форумунун идеяларын жана максаттарын колдойм. Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн. Бара-бара кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа-аянт болуп баратат, деп белгиледи Президент. Ал өнүгүүнү камсыз кылган базалык технологиялар эскирип, жаӊы мүмкүнчүлүктөр баарын теӊ ойго салган мезгил келип, ар бир мамлекет өзүнүн келечек жолун издөөгө мажбур болуп жактанын белгиледи. Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын, өлкөнүн келечегин курууга активдүү катышуусун сөзсүз эске алуу керек. Мамлекет башчысы жакында Узак мөөнөттүү Стратегияны талкуулоого арналган Улуттук кеӊештин жыйыны боло турганын жана анда чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын кесиптик жетишкендиктерин Кыргызстанда толук кандуу пайдалануу үчүн маанилүү кадамдар каралганын белгиледи. Бүгүн сунушталган омоктуу ойлор, рационалдуу идеялар да эске алынат. Сыртта эмгектенген мекендештерибиздин мобилдүүлүгү жана активдүүлүгү, ишкердик потенциалы, менталитети, алар жашаган мамлекеттердин ар түрдүүлүгү бизди башкалардан а йырмалап турат. Биздин өнүгүү жолубуз, ушул өзгөчөлүктөрдү сөзсүз эске алышы керек, буга чейин ырааттуу ишке ашпай келген ресурсту толук кандуу колдонуу зарыл. Биз башкалардын тажрыйбасын ылайыгына жараша колдонуп, бирок, өнүгүү жолубузду өзүбүз чабышыбыз зарыл, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Президент коом тарыхый баалуулуктарды сактап, жетим-жесирге, кары-картаӊга кайрымдуу болушу абзелдигин өзгөчө белгиледи. Биздин коомдо кароосуз калган карыя, таштанды болгон наристе болбош керек. Өткөн тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын алдындагы жоопкерчилигибиз дайыма эсибизде болууга тийиш. Региондорду өнүктүрүү бул социалдык объектилерди жана жолдорду куруу гана эмес, руханий жактан өнүгүү, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы башкы чогуу аткарчу милдеттер жумуш орундары арбын түзүлүп, жумушсуздуктун жоюлушун камсыз кылуу, чет элде жүргөн мекендештерди колдоо, алардын мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттин өнүгүүсүнө багыттоо экенин белгиледи. Бул максатта коррупция менен болгон күрөш, ар кандай схемаларды жоюу, салык жана бажы чөйрөсүндө ачык-айкындыкты, адилет мамилелерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Товарды экспортко чыгарууну колдоо, бизнестин көлөмдүү рынокторго жетүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан тийиштүү аракеттер аткарылууда. Аз. ЭСке мүчөлүктү, Европанын ВСП+ артыкчылыгын активдүү пайдалануу үчүн зарыл кадамдар жасалууда. Кайсы жерде жүрсөк дагы адамдык абийир менен улуттук ар-намысты ыйык тутуп, мекенчилдик позициябызды бекем карманышыбыз парз. Мунун зарылдыгын ушул сыртта жүргөн кыргызстандыктардын мисалында эле түшүндүрүп берейин. Абийир менен ар намыска ар кандай мамиле кылган адамдардын эки чоӊ тобу бар десек болот. Биринчиси, Кыргызстанды тоноп, элдин энчин соруп, мекендин байлыгын алып чыгып кеткендер. Эл-журттун ырыскысын уурдагандарга мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи жооп берчү күн келет, деп белгиледи Президент. Ал ошондой эле үй-бүлөсүн багуу үчүн бөтөн жерде эмгек кылып жүргөндөрдү, ак эмгеги, маӊдай тери менен байлык топтоп, Кыргызстанга алып келгендерди, кайсы жерде жүрсө да, кыргыз деп түйшөлгөндөр, өз тагдырын Кыргызстанга тыгыз байлагандарды, ата-журттун өнүгүүсүнө салым кошууну эӊсеп, аны дайыма жүрөгүндө сактагандарды белгилеп өттү. Булар ушул форумга катышып олтургандар, сиздерсиңер! Ошондой эле шартына жараша бул форумга келбей калган, сыртта эмгектенип жүргөн жүз миңдеген мекендештерибиз. Сиздер таман акы, маңдай тер менен каражат таап, Кыргызстанда спорт, медицина жана башка социалдык объектилерди курууга жумшап жатасыздар. Региондорду өнүктүрүү жылы деген менин Жарлыгымдын максаттарын ишке ашырууга салым кошуп жатасыздыр. Ошондуктан сиздер мага максатташ, тилектеш, өнөктөш болуп калдыӊыздарга кубанычтамын, деп белгиледи Сооронбай Жэ энбеков жана мекендештерге ыраазычылык билдирди. Ал мекендештер эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында чет мамлекеттерге негизинен каражат табам деп кеткен болсо, азыр жоон топ бөлүгү илим, билим, маданият тармагында да Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда экенин белгиледи. Ошол эле учурда, биздин түпкү максатыбыз мекендештерибиздин өз өлкөсүндө эмгек кылып, ата-журтунда татыктуу жашап, балдарын тарбиялоо үчүн толук шарт түзүү. Жарандарыбыз биринчи кезекте өз Мекенинде жашап жана эмгектениши үчүн бардык шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын келечектеги артыкчылыктуу багыты, деп белгиледи Президент. Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдары чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарын, айрыкча Евразиялык экономикалык бирликтин өлкөлөрүндө эмгектенген жарандарды колдоо үчүн көп иштер жасалды. Россияда эмгектенген мекендештердин катталууга жана патент алууга байланышкан көйгөйлөрү чечилди. Пенсия менен камсыздоо жана мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөө маселелерин чечүү боюнча аракеттер жасалууда. Түркияда иштеген мекендештерди пенсия менен камсыздоо маселеси чечилди. Тиешелүү келишимге кол коюлду. Ал жакында ратификацияланып, күчүнө кирет. Мекендештерге Кыргызстанга инвестиция алып келүү үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн Мекен-карт улуттук демилгесин тезирээк ишке ашыруу зарыл. Бул атайын идентификациялык картага ээ болгон мекендештер үчүн, мурда башка өлкөнүн жарандыгын алганына карабай, Кыргызстан менен байланышын үзбөй, анын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат. Мындан тышкары, чет жердеги биздин жарандар Кыргыз миграциялык кызматына каалаган убакта кайрылуу мүмкүндүгүн берүүчү Интернет-Порталды ишке киргизүүнү тездетүү аракеттери көрүлүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков региондорду өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан максаттарга токтолду. Региондордун бакубатчылыгы өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү фактору. Аймактардын мындан ары өнүктүрүү иштери кийинки жылдары дагы улантылат. Жарлыктын артыкчылыктуу багыттары калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын өнүктүрүү, аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, миграцияны кыскартуу, деп белгиледи Президент. Ал өз аймагынын өнүгүүсүнө локомотив болчу жыйырма шаарды таяныч точкаларын калыптандыруу аркылуу региондордун өнүгүүсүнө түрткү берүү негизги максат экенин айтты. Азыр бул шаарлардын конкреттүү программалары иштелип жатат. 10 шаардын генералдык пландары жасалууда. Дотациялык аймактарда ачылган жаӊы өнөр жай ишканаларына мүлк, киреше салыктарынан жана жер салыгынан 5 жылдан 10 жылга чейин бошотуу жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилди. Жаӊы түзүлгөн ишканаларды салык жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан текшерүүгө 3 жылдык морат. Ð рий киргизүү боюнча чечим даярдалып жатат. Мамлекет ишкерлерди колдоо максатында мамлекеттик банктар, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Кепилдик фонд аркылуу жеңилдетилген насыяларды алууга жардам берет. Бардык региондордун өнүгүүсү адилеттик менен эске алынат. Биздин экологиялык таза айыл чарба азыктарыбызга тышкы рыноктордо суроо-талап күчтүү. Алардын бирин калтырбай кайра иштетүү үчүн жер-жерлерде жаңы ишканаларды куруу иштери башталды. Сиздерди бул иштерге активдүү катышууга чакырам, деп белгиледи Президент. Мамлекет башчысы мекендештер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эбегейсиз зор мааниси бар ресурс болуп калганын белгиледи. Айтканымдын баары теӊ бул багыттагы мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү, мекендештер менен иштөөнү активдештирүүнү талап кылат. Мекендештерибизди колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу керек. Сиздер менен чогуу жасай турган иштерге системалык мүнөз бериш үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттерин кайра карап чыгуу зарыл. Өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолун, түпкү максатын эске алып миграциялык процесстерди жөнгө салууну жогорку деӊгээлге көтөрүү абзел, деп белгиледи Президент. Мамлекет башчысы чоң ийгиликтерге жеткен, ири инвестициялык долбоорлорго каражат салып, инвестицияларды тартып келсек деген мекендештер бар экенин белгиледи. Алар өздөрү жашап-иштеген өлкөлөрдөн көргөн, үйрөнгөн көптөгөн жакшы иштерди Кыргызстанга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө кызмат кылышууда. Мекенчил замандаштарыбызга бирдиктүү платформа, бириктирүүчү аянт керек. Мамлекет менен чогуу иштөө үчүн, мекендеш инвесторлор менен туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзсөк максатка ылайыктуу болот. Бул кеңеш Президентке караштуу кылып түзүлөт, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал мекендештерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Артыӊарда калдайган элиӊер, коргогон мамлекетиӊер, ишенимдүү тылыӊар бар! Биз экономикасы күчтүү, калкы бакубатчылыкта жашаган Кыргызстанды биргелешип курушубуз керек. Ушул максатты көздөгөн форумдун ишине ийгиликтерди каалайм. Жакшы идеялар, алгылыктуу сунуштар жаралат деп ишенем, деп сөзүн жыйынтыктады Мамлекет башчысы. | Saat_kg |
Чүй районундагы Золотая осень дачасында 53 жаштагы Токболотов Калыбек каналдан өтөм деп, сууга түшүп кеткен. Аны ӨКМнын куткаруучулары суудан алып чыгып, өмүрүн сактап калышты. Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө саат 22:21 чамасында Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам сууга агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. КР ӨКМнин Токмок шаары боюнча өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн 3-кароолунун кароол башчысы капитан Жолдошбек уулу Б. жетектеген куткаруучулар тобу саат 22:35 те кырсык болгон жерге жетип барышып, каналды жээктеп издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада бир чакырым алыстыктан таап, Жолдошбек уулу Б. жана өрт өчүрүүчү суучул улук сержант Кылычев Р. суудан алып чыгышкан. Суудан алып чыккандан кийин денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен. Учурда ал Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. | Saat_kg |
Үч жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн АКШ жараны Жэйкоб Дуайэр Кыргызстан, кыргыз жаштары тууралуу оюн айтып, тил үйрөнүү боюнча кеңештери менен бөлүштү. | Saat_kg |
Сүрөт: ӨКМКадамжайда жеңил унаа каналга кулап калды. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 7-августта саат 22:30 чамасында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Көл айылынан өткөн каналга жеңил унаа түшүп кеткен. Маалыматка караганда, Кожо-Кайыр каналына ДЭУ Тико үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру 03KG793 ААК) кулап кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 2 эркек адам 1955-жылы туулган А. менен А. көз жумду. ӨКМдин куткаруучулары унаанын ичинен каза болгон адамдардын денесин чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. | Saat_kg |
Таластагы Алмалуу жайлоосунда, чек арадагы аймакта чыккан өрттүн Казакстан тарабы өчүрүлдү. Аны өчүрүүгө казак тараптан 150 дөй адис жана бир тик учма тартылган. Кыргызстан тарабы да дээрлик өчүрүлдү. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 500 гө жакын киши тартылган. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында 1000 гектар жердин күйүп жатканын билдирген. Өрт үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутанып кеткен. Буга казак тараптан (батыш) соккон шамал себеп болуп жатканы айтылган. Кыргыз өкмөтү Казакстанга кайрылып, өрткө каршы күрөшүүгө чакырууну пландап жатканын мурдараак вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Азаттыкка билдирген. Анын айтымында, өрт чалган жердин көбү жайыт, 20 гектарга жакыны токой чарбасына таандык.28-июлда башталган тилсиз жоого каршы Талас облусунун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Аларга милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар да кошулган. Өрт чыккан жер Манас районуна карайт. Аймакка 1-августтан тарта чукул кырдаал режими киргизилген. Кырсыктын себеби анык эмес. | Saat_kg |
Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Анын мэр болушуна 43 депутат макул, ал эми 1 депутат каршы добуш берди. Мага ишеним көрсөткөнүңүздөргө рахмат. Сиздердин ишеничти актоого аракет кылам. Шаарды өнүктүрүүгө болгон аракетимди жумшайм, деп билдирди Суракматов. Баса, шайлоо башталганга чейин Бишкек мэриясынын алдына жарандык активисттер мэриянын алдына чогулуп, шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин талап кылып миттингге чыгышты. Белгилей кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон. | Saat_kg |
Ысык-Көлдө 4 унаа кагышкан кырсыктан айдоочу каза болуп, Франциянын жараны жабыркады. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсык кечээ, 7-августта саат 13:30 чамасында Балыкчы. Каракол унаа жолунун 89-чакырымында 4 унаанын (ВАЗ-2107, Хонда Степвагон, Фольксваген Гольф, Рено Дастер) катышуусунда болгон. Жол кырсыктан ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу 1992-жылы туулган И. каза болуп, унаадагы 37 жаштагы П. (аял киши) жабыркады. Ошондой эле Хондадагы франциялык эки жүргүнчү 1994-жылы туулган К. А (аял киши) менен 1986-жылы туулган Д. (эркек киши) жаракат алган. Алар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди, деп айтылат маалыматта. ӨКМдин куткаруучулары каза болгон айдоочуну унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. | Saat_kg |
Кечээ, 7-август күнү саат 23:17 де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сары-Бээ айылында 5 балл, Майлы-Суу шаарында 4,5 балл, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Кочкор-Ата шаарларында жана Арсланбап айылында 3,5-4 балл, ал эми Ош шаарында 3 баллга сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. | Saat_kg |
2018-жылдын 20-августунан 31-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында эр эңиш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдануу максатында төмөнкү курамда машыгуу өткөрөт:1. Жекшен Турдубеков, 1986 ж/т, КМС2. Айдарбек уулу Балбай, 1989 -ж/т,I разряд3. Бузурманкул уулу Калыбек, 1993- ж/т, МС4. Абдразак уулу Жаныш, 1995 ж/т, I разряд5. Бердибек уулу Ислам. 1991 ж/т, КМС6. Омур уулу Минур, 1995 ж/т, I разряд7. Конокбай Баркыжоков, 1984-ж/т, КМС8. Марат Алтымышев, 1979 ж/т, Мс. Кумуш Кыдыралиев, 1981 ж/т, МС10. Нуркан Осмоналиев, 1989 ж/т, МС11. Адылбек Кукеев машыктыруучу12. Нияз Курманкулов ага машыктыруучу13. Жалил Абдыкалыков доктур. Курама команданы машыгуудан өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 241 000 сом каралган. Эр эңиш чабандестердин улуттук кыргыз күрөшү. Мындай тартиптин келип чыгуусу согуштук зарылчылыктардан келип чыккан. Эр эӊиште жеӊиштин ачкычы булчабандестин күчтүүлүгү, чеберчилиги жана анын минген аты болуп эсептелет. Эр эӊиш үчүн ат чабандеске түз баш ийген, салмактуу, күчтүү, жоош жана чыдамдуу болуш керек. Азыркы учурда эр эңиш боюнча мелдеш түз тегерек аянтчада өтүүдө. Кармашта эки балбан кармашат, алар белине чейин жылаңач, белинде кушак жоолуктан кур, калың материалдан шым, өтүк, колунда камчы болуш керек. Кармаштын башталышында балбандар ат үстүндө калыстын командасы боюнча айлампанын борборуна келишет. Команда берилген соң кармаш башталат. Жеңишке жетиш үчүн балбан каршылашын аттан алып түшүш керек, жок дегенде анын денесин жерге тийгизүү керек. Эр эӊиш боюнча мелдеш III ДКОнун жобосуна ылайык эркектер арасында беш салмак категориясында өтөт: 60 килограммга чейин, 70 килограммга чейин, 80 килограммга чейин, 90 килограммга чейин жана 90 килограммдан жогору. | Saat_kg |
Бишкек мэриясынын алдына жарандык активисттер мэриянын алдына чогулуп, шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин талап кылып жатышат. Активисттер колдоруна Шаардык кеңеш таркасын деген жазууларды кармап алышкан. Белгилей кетсек, бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Ага талапкер катары Азиз Суракматов гана көрсөтүлгөн. Анда шаардык кеңештин депутаттарынын добушу менен мэр шайланат. | Saat_kg |
Казакстан ички иштер министри Калмухамбет Касымов маркум спортчу Денис Тендин өлүмүнө шектелген кишилердин кармалышы боюнча кененирээк маалымат берди. Касымовдун айтымында, биринчи шектүү аркылуу полиция экинчисин кармаган. Үчүнчү шектүү дарегин алмаштыргандыктан, аны кармоо кыйынга турган. Буга байланыштуу улуттук гвардия атайын операция уюштурган. Министр кылмышка шектүү үч киши тең Алматыга башка аймактардан келгенин айтты. Экөө Жамбыл, дагы бири Кызылордо облусунан келген. Үчүнчү шектүү аял Алматыда официант болуп иштемек болгон. Кармалган эки жигит унаалардын күзгүсүн уурдоо менен алектенген, - деди Касымов. Касымов Денис Тендин үй-бүлөсү менен дагы жолугуп, көңүл айтканын кошумчалады. Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медал тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш алган. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда Алматынын борбордук бөлүгүндө бычактап кетишкен. Ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген кишилер кол салган. Тен көп кан жоготкондуктан, ооруканада жан берген. Бул кайгылуу окуядан кийин интернет колдонуучулар шаардын коопсуздук абалын талкуулашып, Алматынын коомдук кеңеши бийликке бир катар погончон аткаминерлерди иштен алууну сунуштаган. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Мукамбетов Мурат Картайбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 7- августа, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргызстанда өтө турган Түрктилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кызматташуу кеңешинин 6-чы Саммити тууралуу сүйлөшүштү. | Saat_kg |
Балыкчы шаарында милиция кызматкерлерине ок атты деп шек саналгандар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 6-августта түнкү саат он бир жарымга жакын болгон. Жергиликтүү тургундар милицияга телефон чалып, көчөдө топтошкон жигиттер жаңжалдашып жатканын, октун үнү угулганын билдиришкен. Ыкчам иликтөө тобунунун кызматкерлери барган учурда ал жерде төрт-беш жигит туруптур. Милициянын машинесине ок атып, андан соң таш ыргытып ар кайсыл жака качып кетишкен, деди Усубакунов. Тартип сакчылары да аларга каршы табелдик курал менен ок атып, шектүүлөрдүн экөө кармалган. Бири Тоң районунун, экинчиси Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургундары. Алардан ИЖ-18 ЕМ үлгүсүндөгү эки даана аңчылык куралы жана үч ок табылган. Башкаларды издөө уланып жатат. Куралдар эч жерде катталбаганы аныкталды. Шектүүлөргө каршы Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар Балыкчы милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. | Saat_kg |
kg маалымат агенттиги сиздерге жагымдуу эс алуу каалоо менен бирге эс алуу күнүӊүздөр мыкты деӊгээлде өтүшү үчүн 5 мыкты үй-бүлөлүк тасманын тизмесин сунуштайт.PS: сунушталган тасмалардын баарын көрүп чыкканбыз. Эгерде оор жумуш күндөрүнөн кийин адамгерчилик кайда калды деп ойго батып жатсаӊыз анда Чудо тасмасын сунуштайбыз. Тасма 2017-жылы жарык көргөнүнө карабай көптөгөн мыкты ой-пикирлерди топтой алды. Кичинекей жүрөккө канчалык чоӊ сүйүү жана аруулук батарын мына ушул тасмадан көрө аласыз. Фильмди үй-бүлөӊүз менен көрүүнү сунуштайбыз. Копы в юбках. Бул сенин жумушуӊ эмес, аял деген Аял деген Мына ушундай сөздөрдөн тажадыӊызбы жана чын дилиӊизден жылмайып, баардык түшүнбөстүктөрдү бир саамга унуткуӊуз келсе анда Копы в юбках тасмасын сунуштайбыз. Тасмада комедия менен бирге драма да камтылган. Обещать-не значит жениться. Жеке жашооӊуздагы айрым катачылыктар, капачылыктар сизге кийинки кадамды таштооӊузга тоскоолдук болуп жатса дал ушул тасманы көрүӊүз. Анткени, комедиялуу тасма болгонуна карабай айта турчу көп ойду камтыган фильм. Анан да сөзсүз түрдө бөбөктөрүӊүзгө Фердинанд жана ошондой эле Тайна Коко тасмаларын сунуштайбыз. Фердинанд Тайна Коко. Тайна Коко Оскар киносыйлыгында эӊ мыкты анимациялык тасма деп аталган. | Saat_kg |
Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 4-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1318, күндүз 2934;Суусамырда түнкүсүн 38, күндүз 1722;Таласта түнкүсүн 914, күндүз 2631;Баткенде түнкүсүн 1520, күндүз 3136;Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1520, күндүз 2934;Ысык-Көлдө түнкүсүн 813, күндүз 2025;Нарын облусунда түнкүсүн 611, күндүз 2328;Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3+2, күндүз 813 градус жылыйт. Бишкекте 4-августта күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1618, күндүз 2830 градус болот. | Saat_kg |
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун маданий программасы көрсөтүлө турган Кырчын этно-шаарчасында 1000 ден ашык боз үй тигилет. Бул тууралуу режиссер Зарылбек Молдобакиров билдирди. Анын айтымында, өлкөбүздүн ар бир облусу 11 ден 13 боз үйгө чейин тигүүнү пландоодо. Бир катар коомдук бирикмелер Ала-Тоо айымдары, Кийиз дуйно, Ак элечек апалар, Кыргыз жери жана башкалар 18 ден 20 га чейин боз үй тигишүүдө. Мындан сырткары этно-шаарчанын аймагында театрлаштырылган программа үчүн боз үйлөр тигилген. Жалпысынан болжолдуу 800 дөн 1000 ге чейин боз үй болорун күтүүдөбүз деп билдирди режиссер. Режиссер кимде ким өзүнүн боз үйүн Кырчын этно-шаарчасына тигүүнү кааласа, режиссерлордун штабына кайрылса болорун, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдануу мезгилинде Бишкек шаарындагы К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар үчүн китепканада жайгашкан штаб тапшырыктарды кабыл аларын билдирди. Ошондой эле ал этно-шаарчанын аймагында ылдамдыкта боз үйдү тигүү сыяктуу кыргыз үйүнө байланышкан сынактар болорун кошумчалады. | Saat_kg |
Казакстандын Улуттук банкы теңге кунунун төмөндөшүн глобалдык тренддердин таасири менен байланыштырууда. АКШнын Федералдык резервдик системасы монетардык саясатты катаалдатышынан улам портфелдик инвестициялар кетип, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көбүнүн улуттук валюталары алсызданды. Мындан Казакстан да четте калган жок, деп жазылган Улуттук банктын бүгүнкү билдирүүсүндө. Баалардын базар конъюнктурасы жана экономиканын өсүшүнөн улам башка факторлордун алсыздоо эффектиси жумшарган. Өз кезегинде бул теңгенин долларга карата азыраак арзандашына алып келген. Улуттук банк белгилегендей, АКШнын Федералдык резервдик системасынын чечимине байланыштуу инвесторлордун көбү өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн кыйла тобокелдүү активдеринен кетүүдө. Казакстан фондулук биржасындагы (KASE) 3-август эртең мененки соодалашуунун жыйынтыгы менен доллардын орточо баасы 349 теңгени түздү.kz сайтынын маалыматы боюнча Алматыдагы акча алмаштыруу жайлары бүгүн эртең менен долларды 351-352,5 теңгеден сатышты. | Saat_kg |
Москва шаарында кыргызстандык 21 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Москвадагы кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун 1997-жылы туулган тургуну Алибек сууга секиргенде башы менен түшүп, мойнунан жаракат алган. Тез жардам кызматы аны ооруканага жеткирген, бирок ал операцияга жетпей каза болгон. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө жардам берүүнү каалагандар +79251231013 телефон номуруна байланышса болот. | Saat_kg |
Окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү республиканын баардык мектептеринде аймактарды өнүктүрүу жылына жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Жаңы окуу жылы 5 күндүк болгондугуна байланыштуу жана 1-сентябрь ишемби күнгө туш келгендиктен, окуучулар 4-сентябрдан баштап билим ала башташат. Окуу жылы 25-майда аяктайт. | Saat_kg |
Каракалпакстандын Беруни районундагы базарда соодагерлер уурулукка шектелип кармалган баланы өз алдынча жазалашкан. Алар өспүрүмдү колунан байлап базардын кире беришиндеги дарбазага асып коюшкан. Соодагерлер баланы өз алдынча жазалаган учур тартылган видео 2-августта жергиликтүү Kun.uz сайтына жарыяланды. Басылманын маалыматына караганда, окуя 1-августта Беруни районундагы Шоббоз базарында болгон. Соодагерлер баланы уурулук кылган деген шек менен кармап, өз алдынча жазалоого барышкан. Алар өспүрүмдү колунан кармап базардын кире беришиндеги дарбазага асып коюшкан. Видео интернетке жарыялангандан бир нече сааттан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги окуя боюнча комментарий берди. ИИМдин маалыматы боюнча1-августта жергиликтүү базарда У. аттуу жаран өспүрүм баланы уурулукка айыптап, аны өз алдынча жазалоого барган. Мекемеден билдиришкендей, баланы өз алдынча жазалаган адамга карата Өзүмбилемдик беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми базардагы уурулукка баланын тиешеси бар-жоктугу текшерилет. Бул Өзбекстан базарларында соодагерлер уурулукка шектелгендерди өз алдынча жазалаган алгачкы учур эмес. Былтыр октябрда Ургенч шаарындагы базардын соодагерлери жаш кызды уурулукка айыптап, аны өз алдынча жазалап жаткандыктары тартылган видео жарыяланган. Анда сегиз аял кызды чечинтип, сабап жаткандыктарын көрүүгө болот. | Saat_kg |
Баткендеги Кадамжай районунун Көтөрмө айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, айылдагы үйлөрдү шагыл аралаш сел каптады. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Шоро айылында жайгашкан 7 турак үйдүн огороддору да сел аралаш ташка толуп калган. Берилген маалыматтарга ылайык, үйлөргө зыян келтирилген эмес, арыктарда жана огороддордо ташка толуп калган жерлерди тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. | Saat_kg |
Кыргызстандагы Адилет укуктук клиникасы Азаттыктын кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арнап, студенттер арасында сынак жарыялады. Маалыматка ылайык, сынак Кыргызстандын жогорку окуу жайларында журналистика адистиги боюнча билим алып жаткан студенттердин арасында сөз эркиндигинин чектелиши жана эркин ой билдирүү темасында өткөрүлөт. Сынактын максаты сөз эркиндигинин азыркы абалына кайдыгер карабаган, келечекте журналистиканын өзгөрүшүнө, коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө оң салым кошууну көздөгөн жаштарды шыктандыруу. Биз бул сынакты Уланбек Эгизбаевдин элесине арнадык. Ал өз өлкөсүн, кесибин сүйүүнүн, чындыктын үлгүсү. Биз жаштарды Уланбектен үлгү алууга ачык, чынчыл, кыйынчылыктан коркпой, кесипкөйлүк менен акыйкат үчүн күрөшүүгө чакырабыз, деп айтылат Адилет укуктук клиникасы тараткан маалыматта. Сынакка материалдар буга чейин жарыялангандай 15-июлга чейин эмес, 1-сентябрга чейин кабыл алынат. Бул убакыттан кечиккен материалдар каралбайт. Мыкты материалдарды тажрыйбалуу журналисттерден, медиа эксперттер жана юристтерден турган комиссия аныктайт. Макаласы мыкты деп табылган автор 34 500 сом сыйлык алат. Сынакка катышууну каалагандар сөз эркиндиги, эркин ой билдирүү, цензура, журналисттерди куугунтуктоо багытында маалыматтык-аналитикалык материал (эссе, очерк, видео жана башка) даярдашы зарыл. Кыргыз жана орус тилинде жазылган материалдар b.com дареги аркылуу же Адилет укуктук клиникасынын кеңсесинде электрондук түрдө кабыл алынат. Азаттыктын кабарчысы, көптөгөн иликтөөлөрү менен элдин эсинде калган Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. | Saat_kg |
Бишкек шаарында коомдук транспортту башкарып бара жатып, тасма көргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, 1-августта социалдык тармактарда коомдук транспорттун айдоочусу унааны айдап бара жатып, тасма көргөндүгү боюнча видео жарыяланган. Ага ылайык 128 маршруттун айдоочусу Токтоназаров Билимбек кармалган. Айдоочуга карата административдик иш козголду. | Saat_kg |
Быйыл жыл соңуна чейин Душанбеде автобустарды жана жүк унааларын чогулта турган ишкана ачылат. Жаңы долбоор түркиялык ишканалар менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Фаррух Хамрализода тажик өкмөтү июлдун аягында Душанбеде автоунааларды чыгаруу боюнча ишкана түзүү чечимин кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, ишкананы түзүү үчүн түркиялык өнөктөштөр 20 миллион доллар инвестиция салган. Кечээ бул маселе боюнча өкмөт атайын чечим кабыл алды. Тажик тараптан долбоор үчүн AvestoGRUPP ишканасы жооптуу болот. Алгач бул ишкана жылына 200 дөн автобус чыгарат. Долбоордо мындан тышкары үч жана сегиз тонна көтөрө ала турган жүк унааларын жана кичи автобустарды өндүрүү каралган. Алардын бардыгы Мерседес компаниясынын кыймылдаткычтары менен жана Тажикстанда өндүрүлгөн деген логотип менен чыгат, деди Фаррух Хамрализода. Анын айтымында, Душанбедеги ишканада алгач Тажикстанда өндүрүлгөн деген белги менен 100 автобус чогултулат. Биз автобустарды жана жүк унааларын Кыргызстан менен Казакстанга, ошондой эле Ооганстанга сата алабыз деп үмүттөнүп жатабыз. Анткени биз КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Евро-5 классындагы автоунааларды өндүрөбүз, деди Авасто-AKAI ишканасынын башкы директору Асрор Мирзоев. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Билим берүү жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 21-июнунда кабыл алынган. Мыйзам жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоону жүргүзүүнү жакшыртуу жана билим берүү мекемелеринин академиялык эркиндигин өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен Билим берүү жɵнүндɵ Мыйзамынын 38-беренесинин 4-бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин деген сөздөр унификациялоо максатында Ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын деген сөздөргө алмаштырылган. Кабыл алынган Мыйзамдын 38-беренесинин 7-бөлүгү жаӊы редакцияда баяндалган, ага ылайык, мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоого катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын зарыл санын албаган учурда, кайра добуш берүү өткөрүлөт, ага добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер катышат. Кайра добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан ашык добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Шайланган талапкерди шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна бекитет. Улуттук деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси шайлоо өткөрүлгөн күндөн тартып он күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. | Saat_kg |
Орусиянын Зеленоград шаарында Кыргызстандын 43 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов facebook баракчасына жазып чыкты. Анын айтымына ылайык, 26-июль күнү Зеленоград шаарында 1975-жылы туулган А. менен бирге эс алып жаткан адамдар аны ур-токмокко алып, таштап кетип калышкан. Жолдо өтүп бара жаткандар тез жардам чакырып, ал шаардагы ооруканага жеткирилген. Бирок жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жаткан жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Учурда бул факты боюнча Зеленоград шаарындагы тергөө комитети кылмыш иш козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы сабаган балдар кармала элек. Уруксат кагаздары чогултулуп, 2-августта маркумдун сөөгү Москва. Бишкек багытындагы каттам менен жөнөтүлдү. 3-августта таңга маал маркумдун сөөгүн Бишкектен жакындары тосуп алып, туулуп өскөн жерине Токтогул шаарында жерге берүүгө алып кетишти. Маркумдун сөөгүн жөнөтүүгө каражат топтоп, жакындан жардам берген бир туугандарга ыраазыбыз, -деп билдирет Кошматов. | Saat_kg |
Жогорку Кеңештин депутаты жана экс-министр Осмонбек Артыкбаевдин жана жакындарынын мүлкү ага козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, Артыкбаевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Биринчи май райондук соту 31-июлда Осмонбек Артыкбаевди 2018-жылдын 10-октябрына чейин камакта калтырган. Артыкбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмеси: ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаа, 1992-жылы чыгарылган, өңү көгүш, мам. Б1287 БИ, Ауди 80 үлгүсүндөгү унаа, 1992-жылы чыгарылган, өңү кызыл, м. В0269 В1, Ал Артыкбаев Айдар Осмонбековичке тиешелүү (уулу); Лексус-ЛХ570 үлгүсүндөгү унаа, 2013-жылы чыгарылган, мам. B6067AZ, өңү ак; Бишкек шаарынын Жениш-12 көчөсүндө жайгашкан турак үй, код ЕНИ1011400601955; Бишкек шаарынын Эркиндик-58 А дарегиндеги имарат, код ЕНИ1020400600223;Артыкбаева Раушан Карибаевнага тиешелүү мүлк (жубайы): Лексус-GX470 үлгүсүндөгү унаа, 2007-жылы чыгарылган, күмүш түстө, мам. В3588 АК; Лексус-GX460 үлгүсүндөгү унаа, 2011-жылы чыгарылган, мам. B8119AZ, Мерседес-Бенц-Е350 үлгүсүндөгү унаа, 2006-жылы чыгарылган, мам. Е4994 В Аламүдүн р-н, Ч. Айтматова-97/4 дарегинде жайгашкан жер тилкеси, код ЕНИ-7011410011149, Бишкек шаары, Ч.1 дарегинде жайгашкан дүкөн, код ЕНИ-101110059048701001, Бишкек шаары, Киев-38 дарегинде жайгашкан имарат, код ЕНИ-1030700400191, Бишкек шаары, Геологический-28 дарегинде жайгашкан көп батирлүү үй, код ЕНИ- 104010011002401, Бишкек шаары, Байтик Баатыр-57 көчөсүндө жайгашкан имарат, код ЕНИ-104010011002401006, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 8-үй, 5-батир, код ЕНИ-101130013043901005; ошондой эле, О. Артыкбаевге тийиштүү үлүштөр; Бишкек шаары, Чүй-4 А, Ийгилик-Биримдикте коомдук фонду, Бишкек шаары, Чүй-4 А, Ак-Фонд коомдук фонду; Бишкек шаары, Эркиндик-64/5, Petroleum К & К кыргыз-казак ишканасы; Бишкек шаары, Эркиндик-58 А, Келечек-социалдык-экономикалык изилдөө жана иштеп чыгуу коомдук фонду; Жубайы Раушан Артыкбаевге тиешелүү үлүштөр; Бишкек шаары, Эркиндик-58 А, Лазурная Гавань ЖЧК, Бишкек шаары, Эркиндик-58 А, Би Воет ЖЧК, Бишкек шаары, Эркиндик-58 А, Бишлонд ЖЧК. | Saat_kg |
Сахалинде сууга чөгүп бараткан кыздын өмүрүн сактап, өзү чөгүп каза болгон кыргызстандык жигитке Чөгүп бараткан адамды куткаргандыгы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги медаль берет. Анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт, -деп билдирди КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 17 жаштагы маркум Жандарбек Кубаныч уулунун сөөгү мекенине жеткирилип, кырсык болгондон 3 күндөн кийин жерге берилген. Белгилей кетсек, 29-июлда Россиянын Сахалин облусундагы Русское көлүндө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Жандарбек Кубаныч уулу сууга чөгүп бараткан кызды куткарып, бирок өзү жээкке жетпей сууга чөгүп кеткен. | Saat_kg |
Бүгүн, 3 августта Беларустун Кыргызстандагы биринчи ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Руцкийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Баранович шаарында Маданият сарайында саат 12:00 дө болуп өтөт. Сергей Руцкий 1-августта Минск шаарында 67 жаш курагында каза болду. Ал Кыргызстандын Беларусиядагы тунгуч элчиси болгон. 1992-1993-жылдары Белоруссиянын Министрлер советинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, ал эми 1993-1995-жылдары аталган өлкөнүн КРдеги элчиси болгон. Белгилей кетсек, Сергей Руцкий 1-августта Беларустун борбору Минск шаарында көз жумган. Ал эстрада ырчысы Юлия Руцкаянын атасы. | Saat_kg |
Кечээ, 1-август күнү саат 09:05 де Бишкек-Нарын- Торугарт унаа жолунун 20-чакырымында жарма ташыган оор жүк ташуучу Фура үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдун четине оодарылып калган, -деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар барып жабыркагандар жок экендигин аныкташкан. | Saat_kg |
Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн ачылган атайын эсепке 255 миллион 509 миң 77 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 63 миллион 362 миң 758 сомду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы которгон. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 132 миллион 611 миң 621 сом которгон болсо, Генералдык прокуратура 59 миллион 326 миң 897 сомго толуктаган. Жалпы сумманын 533 миң 100 сому Ички иштер министрлигинен түшкөн. | Saat_kg |
Биздин укук коомдук фонду Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгарууну өтүнүп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылды. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиеванын Азаттыкка айтканына караганда, мэр аттандаштыктын негизинде шайланышы керек. Азыркы өтүп жаткан шайлоо мыйзамга ылайык келбейт. Бул жерде бир гана талапкер болуп жатат. Бул шайлоо эмес, дайындоо болуп жатат. Ошондуктан бул шайлоону жокко чыгарып, жаңы шайлоо күнү дайындалышы керек. Мэр тандоо атаандаштыктын негизинде, ачык өтүшү керек. Умуралиева мэрликке курулуш тармагында алектенген адамдын келиши туура эмес деп эсептейт. Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов баш калаанын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу имараттарды, коммерциялык объектилерди куруу менен алектенеген Елизавета курулуш компаниясына тиешеси бар экенин 31-июлда кыргыз тилинен сынак тапшырып чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген. Суракматов жалгыз талапкер болууда. Мэрди шайлоо 8-августка белгиленген. | Saat_kg |
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кечээ, 2-август Ош Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жолугуп, акыркы алты айда аткарылган алгылыктуу иштердин жыйынтыгын укту. Мэр жаңы көп кабаттуу үйлөр курулганда көчө шыпырган жөнөкөй кызматкерлерге жеңилдетилген шартта ипотекага батир берүүнү пландап жаткандыгын айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Ош Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров акыркы алты айдагы аткарылган жумуштарга токтолду. Жарым жыл аралыгында 222 948 м3 таштанды шаардан алынып чыгарылган, өкөн жылга салыштырмалуу 1130 м3 таштандыга көп. Таштанды үчүн шаардыктардан алты айдын ичинде 53 085 217 сом чогултулуп, 2017-жылга салыштырмалуу 2 623 537 сомго көп жыйналган. Ошондой эле, жыл башынан бери 40 даана эски таштанды салуучу кузов-контейнерлер жаңыланган. | Saat_kg |
Ош шаарынын мэри кечээ 1-август шаардын активдүү жаштарын кабыл алды. Жолугушуунун алкагында жаштарды ойлондурган көйгөйлүү темаларды ортого салып, шаардыктарга ыңгалуу шарттарды түзүп берүү үчүн атайын даярдалган добоорлордун алкагында сүйлөшүштү. Шаар башчысы өз сөзүндө жаштар Кыргызстандын келечеги экендигин баса белгилеп, аларды кабыл алып, ар тараптан колдоого Ош шаарынын мэриясынын эшиги ачык экендигин билдирди. Ошондой эле, жаштардын учурда коомдогу орду эбегейсиз зор экендигин кошумчалап, Ош шаарында жаштардын саясатын күчөтүп, демилгелерди көтөрүп чыгууга чакырды. Жаш активисттер мындан ары ар тараптуу кызматташуу менен жаштардын көйгөлөрүн ортого салып, шаардын өсүп өнүгүүсүнө салым кошушаарын айтышты. | Saat_kg |
3-августта Кыргызстанда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1318, күндүз 2530,Таласта түнкүсүн 914, күндүз 2429,Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында 1621, күндүз 2934,Ысык-Көлдө түнкүсүн 914, күндүз 2025,Нарында түнкүсүн 510, күндүз 2126 градус болот.3-августта Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 1618, күндүз 2830 градуска жетет. | Saat_kg |
Бүгүн, 2-август күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов пластикалык терезе чыгаруучу Имзо заводдунун ишмердүүлүгүн көрүп кайтты. Белгилей кетсек, Имзо заводу Өзбекстанда 2014-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ош шаарындагы аталган завод быйыл апрель айларында ачылып, 50 гө чукул шаардыктарга жумуш орун түзүлгөн. Учурда айына миң кв. м пластикалык терезелерди жана алюминий эшиктерди чыгарып, сапаттуу продукция менен шаардыктарды камсыз кылууда. Айта кетсек, жакынкы аралыкта кыргыз-өзбек биргелешкен үй-тиричилик техникаларды чыгаруучу Артель электроникс заводу да ачылат. | Saat_kg |
2018-жылдын 2-август күнү саат 15:14 тө Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, -деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматынан. Маалыматка ылайык, жер титирөө Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. | Saat_kg |
Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Президентинин кубогу үчүн эл аралык сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Маалыматка ылайык, турнир 28-29-августта Дельфин бассейнинде өтөт. Ачылыш аземине өлкөнүн эң мыкты суучулдары катышат. Мелдеш FINA`нын эрежелери боюнча өткөрүлөт. Ар бир спортчу сүзүү ыкмасынын 3 дистанциясында (50, 100, 200 метр) башташы керек. Жеңүүчүнү топтогон упайына жараша аныкташат. Иш-чараны өткөрүү максаты суучулдардын чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу, сүзүүнү спорттун түрү катары популяризациялоо, эл аралык байланыштарды бекемдөө жана чемпионаттарга катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасына эң мыкты суучулдарды тандоо. | Saat_kg |
Орусиядагы 400 дөй мигрант өлкө президентине жардам сурап кайрылды. Алар Тула облусунан үй салуу үчүн жер үлүшүн алышкан. Бирок жергиликтүү бийлик турак жай курууга берилген жердин макамын жокко чыгарып, жерди кайрадан айыл чарбалык керектөөгө аныктаган. Бул жерден жер тилкесин сатып алган таксист Автандил документтерди база аркылуу текшерткенин, курулушка уруксат берилгенин билдирди. Ал жаңы салып жаткан үйүнө күзүндө кирүүнү пландап жаткан. Туладагы Клищенко айлында бир нече кыргыз үй-бүлө үй куруп, той берүүгө үлгүргөн. Нургалы Кабылбеков бул жерге майда келген. Ал орус жарандыгын жети жыл мурун алган жана жеке менчик укугун коргоо үчүн соттошууга даяр. Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарган. Дээрлик жер тилкелеринин баарын кыргызстандык мигранттар алган, алардын жарымы Орусия жарандары. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча бир катар коңшу айылдарда жер тилкелерин берүү боюнча коомдук угуулар өткөн эмес, буга байланыштуу башкы план жокко чыгарылган. Мигранттарга Туладагы жер үлүштөрүн Сотый километр агенттиги саткан. Жаңжал башталгандан кийин компания кардарларга жер үлүшүнүн акчасын кайтарып бере баштады. Калган 350 кишинин маселеси каралууда. Бул көйгөй боюнча эки өлкө тең так жооп бере элек. Мигранттар болсо куруп алган үйлөрүн сактап калабыз деп үмүттөнүшүүдө. | Saat_kg |
Орусияда полиция лифтте 29 жаштагы кызга асылды делген 35 жаштагы өзбекстандык жаранды кармады. Бул тууралуу Москва агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен билдирди. Окуя 29-июлда Москванын чыгышында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Арыз берген кыз полициячыларга лифтке бейтааныш киши менен түшкөнүн айтып берген. Лифтте ал кызды өпкүлөп, сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө аракет жасаган. Асылууга кабылган кыз мигрантты түртүп, лифттен чыккан. Батирине келгенде ал полициянын нөөмөт бөлүмүнө чалган. Даттануу түшкөн жерге келген полициянын ыкчам тобу мигрантты кармап кетти. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. | Saat_kg |
1-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев эт азыктарын жана жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу Келечек акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Мэр комбинатта жүрүп жаткан реконструкциялоо иштерин көрдү. Учурда комбинатта Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарын эске алуу менен техникалык базасын жакшыртуу иштери кызуу жүрүүдө, долбоор иштелип чыгып, өкмөткө жөнөтүлүп, насыяга каражат берилген. Бир айдын ичинде касапкана ишке берилип, андан соң 30 дан 50 тоннага чейин эт азыктары иштетилип, колбаса, эт консервалары жасалат. Малдарда талаптагыдай (адал) союлуп, санитардык абалы сакталат, -деп билдирди Келечек акционердик коомунун президенти Мадамин Эргешов. Ал эми 2012-жылдан тарта аталган заводдон жер жемиштердин, мөмө жемиштердин консервалары даярдалып, шербет жана вареньялар (консервация) жасалып, азыркы тапта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ошондой эле, акционердин жетекчилиги жылына 5 миң тонналык мөмө жана жер жемиш сактоочу логистикалык борборду ачуу үчүн инвестициялык долбоор даярдалгандыгын кошумчалап, анын суммасы 100 миң долларлык экендигин белгилеп өттү. Жалпысынан Келечек акционердик коомунун планы үч багытта продукцияларды чыгарып, Евразия экономикалык биримдигинин талаптарынын негизинде экспорттоо болуп саналат. | Saat_kg |
Ош шаарындагы көчөдө бара жаткан жөө жүргүнчүнү Ош-Тазалык ишканасынын автобусу сүзүп кетти. Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, маркумдун өздүгү такталып, 53 жаштагы эркек киши жергиликтүү тургун экени аныкталган. Жабырлануучу оор жаракаттын кесепетинен ооруканага жетпей каза болгон. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат. | Saat_kg |
ӨКМдин басма сөз кызматы Республиканын дарыяларындагы суулардын көлөмү боюнча 2-августка карата суткалык маалымат таратты. Ага ылайык Ысык-Көл облусу: Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын коркунучтуу деңгээли 30,2 м3/с, азыркы учурда 19,1 м3/с (+2) суу агууда. Чүй облусу: Чоң-Кайыңды дарыясынын коркунучтуу деңгээли 14 м3/с, азыркы учурда 5,96 м3/с (+3) суу агууда. Талас облусу: Үрмарал дарыясынын коркунучтуу деңгээли 57,4 м3/с, азыркы учурда 35,1 м3/с (-1) суу агууда. Нарын облусу: Чоң-Нарын дарыясынын коркунучтуу деңгээли 428 м3/с, азыркы учурда 82,9 м3/с (+2) суу агууда. Жалал-Абад облусу: Тентек-Сай дарыясынын коркунучтуу деңгээли 260 м3/с, азыркы учурда 45,8 м3/с суу агууда. Ошондой эле республиканын калган аймактарындагы дарыялардын сууларынын деңгээлдери нормада агууда. | Saat_kg |
Беларустун Кыргызстандагы биринчи ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Руцкий каза болду. Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Руцкий 1-августта Беларустун борбору Минск шаарында көз жумган. Ал 1992-1993-жылдары Беларус Республикасынын министрлер кеңешинин Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өкүлү болгон. 1993-1995-жылдары болсо аталган өлкөнүн ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган. Белгилей кетсек, Сергей Руцкий эстрада ырчысы Юлия Руцкаянын атасы. Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги маркумдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтат. | Saat_kg |
Иликтөөлөрдү башкаруу борбору Африкада орусиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча өз иликтөөлөрүн баштады. Иликтөөлөрдү башкаруу борбору Михаил Ходорковскийдин журналисттик долбоору. Дал ушул долбоор үчүн Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко Африкадагы Вагнера жеке компаниясындагы орусиялык жалданма аскерлер тууралуу даректүү тасма тартып жүрүшкөн.31-июлда алардын өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тараган. Журналисттердин унаасы Банги шаарынан алыс эмес жерде аткыланганы айтылууда. Башка бир версиялар боюнча карактоо үчүн кол салуу болгон. Иликтөөлөрдү башкаруу борбору журналисттердин жанында видео-фотоаппарат жана 8500 дөй доллар болгонун билдирди. ММКлардын маалыматы боюнча кол салууга жергиликтүү Селека террордук тобунун да тиешеси болушу ыктымал. Журналисттерди өлтүрүүдөн мурда аларды суракка алышканы тууралуу божомолдор бар. Жемал, Расторгуев жана Радченконун сөөгүн Орусияга 4-августта алып келишет. | Saat_kg |
Сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 23 жаштагы жаран тирүү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Сейил пляжында сууга чөгүп кетти деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Б. аттуу жаран сууга чөкпөгөндүгү аныкталып, 2018-жылдын 2-август күнү саат 10:00 чамасында пляждагы боз үйлөрдүн биринен тирүү табылды, -деп айтылат маалыматта. Эске сала кетсек, 2018-жылдын 1-август күнү саат 00:50 дө. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы. Сейил пляжында 1995-жылы туулган Б. аттуу эркек киши сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. | Saat_kg |
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уюштуруу маселелери, объекттердин курулушу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Өкмөт башчы белгилегендей, чакырылган катышуучулардын жана мелдештин конокторунун санын эске алуу менен алдыдагы оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү болуп саналат. Кетирилген кемчиликтер үчүн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жеке жоопкерчиликти алышат, деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. ДКО катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов оюндарга билеттерди сатуу жагдайы тууралуу билдирди. Бүгүнкү күнү билеттер үч шаарда: Бишкек, Ош жана Чолпон-Атада сатылууда. Ошондой эле каалоочулар билет сатып алууга мүмкүн болгон расмий мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Учурда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш салтанаттарына үч миңге жакын билет сатылды, деп маалымдады ал. Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер бардыгы үчүн бирдей шарттарда сатылат. Билеттерди сатуу гана жүргүзүлөт, жарандардын белгилүү бир категориялары же чиновниктер үчүн акысыз негизде таркатуу пландалган жок. Бул калыс мамиле, себеби демөөрчүлүк жардам иретинде каражаттарды бөлгөн чарбалык субъектилер мелдештерди уюштурууда бир кыйла салым кошушкан. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрыкча белгилегендей, билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат. Маалымат үчүн: 2018-жылдын 2 нен 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттердин баасы 400 дөн 4 миң 900 сомго чейин турат. | Saat_kg |
Оңдоо иштерине байланыштуу Айтматов проспектисинин дагы бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жол кыймылы Жаманбаевден Сухомлинов көчөсүнө чейин жабык болот. Учурда бул аймакта магистралдык жана ички жылуулук куурлары алмаштырылууда. Чектөө 7-августта алынат. Айдоочулар батыш тараптан Бакаев (Чапаев), Жунусалиев (Орджоникидзе), чыгыш тараптан Токтоналиев жана Табалдиев көчөлөрү менен жүрө алышат. Айни менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилиши автотранспорттордун кыймылы үчүн ачык болот. | Saat_kg |
Жеңиш Исамамбетов Түштүк Кореянын Ансан шаарында заводдо иштейт. Кореяда үй-бүлө куруп, кыздуу болушкан. Мекенинде бизнес түптөгүсү келет. Ал четтеги мигранттардын тапкан каражаты, тажрыйбасы менен жакынкы жылдары Кыргызстан өнүгөт деп ишенет. | Saat_kg |
Бүгүн, 2-августтан тартып Бишкек шаарында 2-жаңы троллейбустук каттам Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттай баштайт, -деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Салиева кѳчѳсүн оңдоо иштерине байланыштуу аталган каттам убактылуу кыскартылды (Фрунзе заводу Лермонтов кѳчѳсү, Жибек-Жолу).Манас проспектисин оңдоо иштерине байланыштуу 11-троллейбустук каттамы 1-августтан тарта жолдорду оңдоо иштери жыйынтыкталганга чейин токтотулду, -деп айтылат маалыматта. | Saat_kg |
Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Осмоналиев 1964-жылы 10-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зоотехния адистиги боюнча аяктаган.1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.2016-жылдын апрель айынан баштап август айына чейин өкмөттүн аппаратынын башчысы болуп иштеген. Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү болуп Узарбек Жылкыбаев иштеген. Жакында ал Ош облусунун администрациясынын башчысы болуп дайындалган. | Saat_kg |
Азаттыктын иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды. Бул тууралуу Азаттыкка Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди. Эгизбаев чөгүп кеткен окуя Ысык-Көл районунда кылмыш каттоо китебине катталып, иликтөө иши жүрүп жатат. Жазык-процессуалдык кодексте көрсөткөндөй кылмыш боюнча үч же 10 күндүн ичинде чечим кабыл алынышы керек. Эгер бул аралыкта чечим кабыл алынбаса, прокурордун макулдугу менен бир айга узартылат. Бул факты боюнча дайындалган экспертизанын корутундулары даяр боло элек, берилген тапшырмалар боюнча жооптор келе элек. Иликтөө толук объективдүү болушу үчүн Ысык-Көл райондук прокуратурасы аны бир айга узартты, -деди Мунайтбасов. Анын айтымында, Эгизбаев киши колдуу болду деген көрсөтмө жок болгондуктан иш козголо элек. Бирок ал эс алган пансионатта коопсуздук чаралары алдын-ала көрүлбөгөнү айтылды. Кырсык боюнча иш козголбойт. Эгер киши колдуу болуп, денесинде күч колдонуунун белгилери болсо козголмок, -деп билдирди Сүйүнбек Мунайтбасов. Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек. | Saat_kg |
Subsets and Splits