text
stringlengths
1
405k
source
stringclasses
7 values
13-августта АКШнын президенти Дональд Трамп 717 миллиард долларды түзгөн өлкө тарыхындагы эң ири коргонуу бюджетине кол койду. Анда Пентагондун башкы приоритети болуп келген эл аралык терроризмге каршы күрөшкө 69 миллиард, өзөктүк арсеналды модернизациялоого 22 миллиард жана 77 жаңы согуштук F-35 учагын алууга 7,6 миллиард доллар каралган. Документте АКШнын Орусия менен аскердик кызматташтыгына чектөө киргизүү тууралуу дагы жазылган. Алсак, Орусия Ачык асман тууралуу келишимде көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарганын далилдемейинче, макулдашуунун алкагындагы бардык байланыштар токтотулат. Макулдашууга НАТО жана Варшава келишиминин мурдагы өлкөлөрү ортосунда 1992-жылы кол коюлган. АКШнын жаңы аскер бюджетинде Крымдын Орусияга кошулганын таанууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге акча бөлүүгө тыюу салына турганы белгиленген. Ошондой эле анда Орусиянын Европадагы агрессиясына каршы туруу үчүн Украинага жана НАТО боюнча өнөктөштөрүнө аскердик жардамды кеңейтүү каралган. Документ Трамптын администрациясын 90 күндүн ичинде Когресстин эки палатасына Орусиянын пайдасы үчүн тыңчылык кылган жарандардын тизмесин берүүгө милдеттендирет. Кийин аларга карата санкция киргизилиши керек. Бул жолку бюджет Вьетнам согушунун ардагери, сенатор Жон Маккейндин аты менен аталган. Маккейн менен Трамп саясий атаандаштар болуп эсептелишет. Президент документке кол коюу салтанатында сенатордун ысымын бир дагы жолу айткан жок.
Saat_kg
Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик сапары пландалып жатат. Мамлекет башчысынын сапары 23-24-август күндөрү болорун президенттик администрация өкүлдөрү билдиришти. Сапардын программасы, козголчу маселелер тууралуу айтылган жок. Түркмөн маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Жээнбеков Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында өтө турган Аралды сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 2015-жылы августта келген. Анда Түркмөнстан Чолпон-Ата шаарынан алты гектар жер алып дарыланып, эс алуучу беш жылдыздуу мейманкана салуу тууралуу сөз болгон.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык 234 адам (анын ичинен 206 чоң адамдар жана 28 балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын кабыл алынган Мыйзамы талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, бул өзгөртүүлөр өлкө калкы үчүн социалдык мааниге ээ. Жерлерди трансформациялоо маселелери 1983-жылдан бери чечилбей келгенин эске алганда, бул жылдар бою айыл чарба жерлерине үйлөрдү куруп алган жарандарда көптөгөн социалдык жана тиричилик маселелери жаралды. Бул маселени чечүү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө Өкмөтүн жетектеп турганда анын көзөмөлүндө болгон. Бүгүнкү күнү бул маселе чечилди. Мыйзамдын кабыл алынышы менен жарандар өз мүлктөрүн легалдаштырып, жашаган жери боюнча каттоодон өтүп, балдарын бала бакчаларга, мектептерге киргизүү, социалдык жана медициналык жардам алуу маселелери чечилет. Бул Мыйзамдын кабыл алынышы жарандардын күнүмдүк турмушуна оң таасирин берет. Биздин жарандардын атынан парламентке жана өлкө Президентине ушул мыйзам долбоорун колдоого алуулары үчүн ыраазычылык билдирем, деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Премьер-министр белгилегендей, 14 миң гектар жердин ичинен трансформациялоого турак үйлөр салынган 9,1 миң гектар сугат жерлери туш келген. Калган 5 миң гектары мыйзамдын талаптарына дал келбейт жана трансформациялоого туура келбейт. Ошентип 40 миң үй курулуштары мыйзамдаштырылат. Эгерде бир үй-бүлөдө орто эсеп менен бештен адам болсо, анда кабыл алынган Мыйзам аркылуу 200 миң адамдын көйгөйү чечилет. Жеке турак жай курулушу башталган жерлерде өз кезегинде жерлерди трансформациялоо процедурасы жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам анда салынган турак үйлөргө документтер берилген эмес. 2009-жылдын 31-июлунда айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилген. Эми бул үйлөр салынган жер тилкелери мыйзамдаштырылат, деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Өкмөт башчы бул Мыйзамдын күчү сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүүгө чейин айыл чарба жерлеринде имараттардын жана курулуштардын мыйзамсыз салынышына жол берген адамдарды жоопкерчиликтен бошотпойт. Өкмөт жеке үйлөр салынган же ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү чечими бар сугат айдоо жерлерин которуу тартибин он күндүк мөөнөттө иштеп чыгууга жана убактылуу бекитүүгө тийиш. Бул маселенин үстүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген атайы түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия иштейт. Бекитилген талаптарга ылайык кайсы жерлер трансформацияланбай турганын комиссия аныктайт, алар: жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) тиешелүү комиссиянын терс бүтүмү чыккан жер тилкелери, экологиялык жана санитардык эпидемиологиялык ченемдерге жооп бербеген жер тилкелери, сот органдарынын тийиштүү чечими бар жана башка жер тилкелери, деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр кошумчалагандай, өлкө Өкмөтү тарабынан бул маселе артыкчылыктуу түрдө каралууда, буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар жер тилкелерин которууга (трансформациялоо) каттоо процедураларын дыкат текшерүүгө тийиш.
Saat_kg
Тажикстандан Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен дары-дармек ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.5-августта Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айыл аймагынан Мерседес-Бенц Спринтер-311 маркасындагы бус кармалган. Аны текшерүү учурунда белгисиз сапаттагы 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылган. Кармалган жүк бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн ташылып келгендиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин органдарынан тиешелүү сертификат алынбагандыгы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин Аткезчилик беренеси (204-берененин 1-бөлүмү) боюнча иш козголду.
Saat_kg
Түркиянын Борбордук банкы улуттук валютанын алсыроосунан улам, каржы туруктуулугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди. Улуттук банктын 13-августта тараткан билдирүүсүндө банктардын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүлөрү айтылат. Мындан бир күн мурун каржы министри Берат Албайрак өкмөт валюта базарындагы чыңалууну жөнгө салуу үчүн план даярдаганын маалымдаган. Вашингтон киргизген санкциялардан кийин түрк лирасы АКШ долларына карата 18 пайызга арзандады. Бул 2001-жылдан берки эң ылдыйкы арзандоо. Ал эми жыл башынан бери лира кунун 40 пайыздай жоготту. АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйткөн чечимди 10-августта кабыл алган. Ага чейин Вашингтон Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы башкы ролу үчүн санкция салган. НАТОнун негизги эки мүчөсү болгон Түркия менен Вашингтондун ортосунда Сириядагы абал, Анкаранын орусиялык курал-жаракты сатып алуу ниетине байланыштуу карама-каршылыктар мурдатан бери эле болуп келген. Буга акыркы кезде Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган америкалык христиан пастору Эндрю Брансондун терроризм жана тыңчылык беренелери боюнча айыпталып, кармалганы кошулган.
Saat_kg
Дүйнөлүк маданияттын жүздөн ашуун өкүлү абакта ачкачылык кармаган украин режиссеру Олег Сенцовду колдогон билдирүү таратты. Алар өнөр адамын тезинен бошотуу үчүн ЕБ жана БУУну Орусияга басым жасоого үндөштү. Билдирүүдө Сенцовго чыгарылган өкүм ой жүгүртүүгө жана чыгармачылыкка кол салуу катары бааланып, режиссер коммунисттик режим учурундагы диссиденттер Василий Гроссман, Александр Солженицын менен салыштырылган. Кайрылууга белгилүү француз режиссеру Жан-Люк Годар, Алтын пальманын эки жолку ээси, британ режиссеру Кен Лоуч, Оскар сыйлыгынын жеңүүчүсү, канадалык режиссер Дэвид Кроненберг жана Франция маданият министри Франсуаз Ниссен да кол койгон.20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны жарым аралда теракт даярдаган деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Өткөн аптада Сенцовдун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан 8-августта Фейсбуктагы баракчасына Сенцов түрмөдөн адвокаты аркылуу кат берип жибергенин, анда абалым өтө начар деп жазганын чыгарган. Ал жакындап калганын жазды бирок ал мөөнөтү бүтүп калганын эмес, көрөөр күнү, ичээр суусу бүтүп баратканын айтып жатат деген Каплан. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы режиссердун абалы канааттандыраарлык экенин билдирген.
Saat_kg
Газпром Кыргызстан ЖЧКсы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 14 августта саат 12:00-17:00 чейин Сокулук айылынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы боюнча газ колдонуучуларды маалымдайт. Газ өчүрүлүүчү көчөлөр: -Батаев көчөсү; -Свердлов көчөсү; -Ленин көчөсү; Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө, -деп айтылат маалыматта.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (короо-жай, короо-жай алдындагы бак-чарба жер участогу) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат. Белгилей кетсек, унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, турак-жай, батир жана жер салыктарын 2-сентябрына чейин төлөө зарыл. Салыктарды өз убагында төлөбөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелет. Салыктарды бардык банк мекемелеринен, почта түйүндөрүнөн, ошондой эле, төлөм терминалдары жана Интернет жана мобилдик банкингдерден төлөөгө болот. Кеңири маалыматты 194 номери же www.gov. сайты аркылуу алууга болот.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын 14-август күнү саат 07:01 де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Saat_kg
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Ак кеме (Жомоктон кийин) повестинин негизинде жаңы тартылганы турган экинчи кинотасма Шамбала деп аталат. Белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков бул тасманын сценарийин бышырып, даярдап келатканына кырк жылдан ашты. Бул аралыкта ал Ак кеме повестин тартуу боюнча улуу жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин уккан экен. Артыкпай Сүйүндүков Шамбаланын таржымалы жана Айтматовдун философиясы тууралуу Азаттыкка сыябан маек курду.
Saat_kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жемкорлордон өндүрүлгөн каражаттарды топтоо эсебине 2,15 млн сом которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Каржы минитсрлигинин алдындагы бирдиктүү депозиттик эсепке аталган мекеме ушуну менен 141, 604 млн сом которду.
Saat_kg
Памир тоолорунда тик учак кырсыгынан жабыркагандар Душанбеге жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстан Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат катчысы Умеда Юсуфи билдирди. Анын айтымында, 13-августта жабырлануучулар борбор калаадагы Истиклол медициналык борборуна жеткирилди. Тажикстанда жекшембиде болгон тик учак кырсыгынан беш киши каза тапкан. Өлгөндөрдүн арасында үч орусиялык альпинист жана эки тажикстандык (экипаж мүчөлөрү) бар экенин белгилүү болгон. Умеда Юсуфи тик учактын Памир тоолорунда кырсыкташына начар аба ырайы себеп болушу мүмкүн экенин, кырсыктан учкуч жана дагы 12 альпинист аман калганын кошумчалады. Кырсыктын себептерин так аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Saat_kg
Бүгүн,14-август күнү саат 06:20 дан тарта Ак-Буура дарыясындагы суу тазаланып, шаарга таза суу берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, 13-август Папан айылдык аймагынын, Карагур айылында сел жүргөндүгүнүн кесепетинен Ак-Буура дарыясынын ылай калдыгы 6000 мг/литрден ашып кеткендигине байланыштуу Ош шаарынын Курманжан Датка, Манас Ата кичи шаарчаларынан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарга таза суу берүү таӊкы саат 05:00 убактылуу токтотулган.
Saat_kg
Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы 2 унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 10 жаштагы кыз каза болуп, 7 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык 13-августта саат 08:00 чамасында Бишкек. Ош унаа жолунун 649-чакырымында болгон. Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Ж. ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. ДЭУ Матизди Отуз-Адыр айыл аймагынын 1987-жылы туулган тургуну Х. башкарып келе жаткан. Кырсыктан улам Хонда Степвагондун айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү, ДЭУ Матиздин айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген. ДЭУ Матизде келе жаткан 2008-жылы туулган А. аттуу кыз ооруканага жетип каза болгон. Учурда аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Saat_kg
Кечээ, 13-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү Азиз Суракматовду Бишкек шаарынын мэри кызматына бекитишти. БШК Бишкек мэрин шайлоодогу добуш берүү жыйынтыгын расмий түрдө тааныды. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясына мэрдин күбөлүгүн тапшыруу милдети жүктөлдү.8-августта Бишкекте мэрди шайлоо болгон. Жалгыз талапкер Азиз Суракматов үчүн Бишкек шаардык кеңешинин 43 депутаты макул, бирөө каршы добуш берген.
Saat_kg
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Балкан облусундагы чек ара комплексинин ачылыш аземине катышып, ок атуу чеберчилигин көрсөттү. Бердымухамедов чек ара бөлүктүн абалы менен таанышып чыкты. Мамлекеттик телеканалдар жоокерлер үчүн мыкты ашкана жана наабайкана иштеп жатканы тууралуу репортаждарды көрсөтүштү. Адатта мындай маалыматтар социалдык медиада жана көз карандысыз ММКларда аскер кызматкерлеринин тамак-ашына камкордук көрүлбөй жатканы тууралуу билдирүүлөр чыккан соң жарыяланат. Азаттыктын түркмөн кызматы билдиргендей, жоокерлер ачка калып, көбү ата-энесинен жардам сурап кайрылууга аргасыз болушууда. Алар аскер бөлүгүнө азык-түлүк, анын ичинде нан, картошка жана пияз жөнөтүүнү сурашат. Бул арада армиядагы кыйноолор айрым жоокерлердин өлүмү менен аяктоодо. Бирок түркмөн президенти менен жоокерлердин жолугушуусу тууралуу репортажда азык-түлүк жетишсиздиги жана кыйноолор тууралуу маселелер айтылган жок. Жолугушуу учурунда куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Бердымухамедов салттуу түрдө курал колдонууда мыкты чебер экенин көрсөттү. Бердымухамедов аскер кызматкерлеринин суроосу менен бутага автограф калтырып, аны Мамлекеттик чек ара кызматынын музейине берди.
Saat_kg
Бишкекте маршруттук такси 11 жаштагы баланы сүзүп, ал алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-августта Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 281-маршруттук таксинин айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен. Учурда тергөө иштери уланууда.
Saat_kg
Өзбек-тажик бизнес-форумуна катышуу үчүн 250 гө жакын тажик ишкери Ташкентке барды. Анын жыйынтыгы боюнча 200 миллион доллардан ашык суммага келишимдер түзүлөт деп күтүлүүдө. Өзбекстан борборундагы бизнес-форумга ишкерлерден тышкары Тажикстандын Тышкы иштер, Өнөр-жай жана жаңы технологиялар, Билим берүү жана илим министрликтеринин, Соода палатасынын жана Туризм комитетинин өкүлдөрү катышат. Тажикстандагы Гаюр-цемент деп аталган жеке компаниядан өкүлдөрү Ташкенттеги бизнес-форумга жана тажик товарларынын көргөзмө-жарманкесине катыша тургандыгын билдиришти. Ошондой эле биз Өзбекстандын аймагына цемент заводун куруу маселесин дагы талкуулайбыз, деп кошумчалашты компаниядан. Буга чейин Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Неъматулло Хикматуллозода жакында жеке тажик компаниясы Өзбекстан түштүгүндөгү Сурхандарья облусуна жаңы цемент заводун кура турганын билдирген. Эмомали Рахмондун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алгачкы күнү Ташкентте Тажикстанда өндүрүлгөн деп аталган көргөзмө-жарманке өтөт. Бүгүн ага Эмомали Рахмон менен анын өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев барат. Быйыл 9-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Тажикстанда болгон. Анда эки тараптуу кызматташтык тууралуу жалпысынан 27 документке кол коюлган. Алардын арасында өлкөлөр ортосундагы 30 күндүк визасыз режим тууралуу келишим дагы бар.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-июлундагы жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда Кадыр Маликов көтөргөн маселелер боюнча маектешүү болду. Тактап айтканда, мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду. Кыргызстанда дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, поликонфессионалдуу коомдун иштөөсү үчүн көп иштер жасалып жатат, деп белгиледи теология адиси. Президент Сооронбай Жээнбеков диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырылаарын баса белгиледи. Ал ошондой эле динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнүн, ошондой эле диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын белгиледи. Жолугушууда исламдын позитивдүү дараметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.
Saat_kg
Ош шаарында Эссе Квинтет чыгармачылык тобу концертин берди. Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 16-август күнү Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы улуттук дарма театрнда Эл аралык конкурстардын лауреаты, Орусиянын белгилүү ансаблдарынын бири Эссе-Квитет жандуу концертин тартуулады. Бул маданий иш- чара достук келишими бар Ош жана Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы маданий жана ишмердүүлүк миссиясын жыйынтыктады. Концертке Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов, Санкт-Петербур шаарынан билим берүү комитетинин жетекчисинин орун басары Андрей Борщевский баштаган делегация өкүлдөрү, шаардыктар катышты. Эссе-Квитет чыгармачылык тобу орустардын улуттук инсурментинде түрдүү жанрларды ойноп, шаардыктарга жандуу концерт тартуулашты. Белгилей кетсек, Ош шаарында 15-17-август күндөрү Санкт-Петербург шаарынын маданий жана ишмердүүлүк миссиясынын алкагында делегация келип, тийиштүү адистер ооруканадагы дарыгерлер менен, мугалимдер менен жолугуп тажырыйа алмашып, жеке ишкерлер менен соода-саттык иштерин жүргүзүү максатында чоң жыйындар уюштуруп, концерт менен жыйынтыкталды.
Saat_kg
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 17-августта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди. Ташкенттин эл аралык аэропортунда тажик президентин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Эмомали Рахмон Мустакиллик аянтында Гуманизм жана көз карандысыздык монументине гүл койду. Куксарой резиденциясында Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү өтөт. Тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт жана коммуникациялык, туризм, маданий-гуманитардык маселелерди талкуулап, өз ара кызыгууну жараткан аймактык жана эл аралык темалар боюнча пикир алышат. Тажикстан президентин өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетечилери, ишкерлер жана маданий ишмерлер коштоп келишти. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Тажикстанга 9-мартта барган. Анда эки тараптуу кызматташуу боюнча 27 документке кол коюлган, алардын арасында эки өлкө жарандары үчүн 30 күн визасыз жүрүү макулдашуусу да бар. Тажикстан президенти акыркы жолу Өзбекстанга 20 жыл мурун, 1998-жылы мамлекеттик сапар менен келген.
Saat_kg
Кыргызстанда туристтик милиция түзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Бишкектеги басма сөз жыйынында билдиришти. Министрликтин кадрлар менен иштөө башкармалыгын башчысы Замирбек Солтонгелдиевдин айтымында, туристтик милициянын кызматкерлери өлкөнүн туристтик аймактарындагы коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кызматкерлерди тандоодо чет тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. ИИМдин маалыматы боюнча, борбордук аппаратта кыскартуу болуп, андан бошогон орундарга жаңы кызматкерлерди алуу пландалууда. Туристтик милиция жыл аягына чейин түзүлөт.
Saat_kg
Эртеӊ, 18-августта өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жана калган облустарда жаан жаап күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14+19, күндүз +27+32;Таласта түнкүсүн +9+14, күндүз +25+30;Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15+20, күндүз +29+34;Ысык-Көлдө түнкүсүн +12+17, күндүз +22+27;Нарын облусунда түнкүсүн +10+15, күндүз +23+28;Бишкек шаарында 18-августта жаан-чачын болбойт. Абанын тепмпературасы түнкүсүн +17+19, күндүз +30+32.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кененбаев Алмаз Муканович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Эсеналиев Досалы Акпаралиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Saat_kg
Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу алардын адвокаты Данияр Маманов Азаттыкка кабарлады. Анын айтымында, саясатчылар Жогорку Соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, ушундай кадамга барган. Абактагы саясатчылар аларга өкүм чыгарган Жогорку Соттун судьялары жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылышууда. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында бийликти басып алууга аракеттенген деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.
Saat_kg
Ак илбирс алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Ак илбирсти бир топ позитивдүү меймандос, тынчтыктын жана жакшылыкты алып жүрүүчү каарман катары бердик. Сүрөт үстүндө иштөөдө биз бир катар Олимпиада жана башка эл аралык спорттук иш-чаралардын талисмандарынан түрткү алдык деп белгиледи III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманынын көркөм образынын автору көркөм-коюучу, режиссер-аниматор Төлгөбек Койчуманов.III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылган делегацияларга, конокторуна меймандостугун жана сый көрсөтүү белгиси катары кыргыз тараптан сувенирлер тартууланат. Ак илбирс Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин желегине жана гербине символ катары түшүрүлгөн. Азыркы колдонуудагы Бишкек шаарынын герби 1991-жылы бекитилген жана чептин тик бурчтуу көлөкөсүндө, тоо астында баш тамгалар менен БИШКЕК деп жазылган, анын үстүндө тегерекчеде ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн, -деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, дүйнөдө ак илбирстин саны болжолду 3 миңден 7 миңге чейин болууда. Жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Белгилүү болгондой ак илбирстин жашаган жерлери Кыргыз Республикасынын баарды региондорун камтыйт, булар Тянь-Шаня тоолорунда, ошондой эле Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүндө (Алай, Транс-Алай жана Туркестан тоо кыркаларында)
Saat_kg
17-августта Ачык асман алдындагы музыкалык кече өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлады. Маалыматка ылайык, концерттик кече саат 19:00 дөн 21:00 гө чейин Ю. Фучик атындагы сейил бакта болуп өтөт. Концерттик программа эстрада ырчыларынын жана Доор фольклордук ансамблинин коштоосунда өтүп, эл артисттери Каныкей Раймалиева, Фарида Омурзакова, Жылдыз Тутуева, Кымбат Самудинова, Аксай Мукамбет уулу жана башка аткаруучулар шаар тургундарына жана меймандарына жагымдуу маанай туртуулашат. Ошондой эле мэриянын оркестри дирижер, КРдин эл артисти Элис Шаршенбаевдин жетектөөсү менен коноктордун алдына чыгат. Баса, кирүү акысыз.
Saat_kg
ЮСАИД уюму каржылаган Демилгелүү жаштар долбоорунун Нарын шаарындагы дарсканаларында Ооганстандын Памиринен келген беш этникалык кыргыз билим алууда. Алар компьютерде иштөөнү өздөштүрүп, кыргыз тилинде текст жазганды, эсеп чыгарганды үйрөнүп калды. Бул иш Ага Хан фондунун Кыргызстандагы тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоо программасынын негизинде ишке ашып жатат.
Saat_kg
21-август күнү Курман Айт намазы учурунда 2 миң милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Айт намаз окула турган аянтка чоң көлөмдөгү буюмдарды, кесе турган же жарылуучу заттарды алып келүүгө болбойт. Айдоочулар жол кыймылына тоскоол болбош үчүн алдын ала унаа токтотуучу жайларды тандашы зарыл. Кичинекей балдарга көз салып туруңуздар жана аларды өз алдынча Айт намазга жөнөтпөңүздөр, деп айтылат маалыматта. Айт намазга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет; Фрунзе көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин), Абдымомунов көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин), Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү (Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин)
Saat_kg
Эгер америкалык пастор Эндрю Брансон бошотулбаса, АКШ Түркияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучин билдиргенин Bloomberg агенттиги кабарлады. Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынган. Анкара аны 2016-жылы жайында Түркияда болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп айыптоодо. Прокуратура соттон пасторду 35 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Августтун башында АКШ Түркиянын ички иштер жана юстиция министрлерине карата санкцияларды киргизип, алардын АКШ аймагына кирүүсүнө тыюу салган. Анкара буга ушундай эле өңүттө жооп кайтарган. Вашингтон пастордун куугунтукка алынышына министрлердин тиешеси бар деп эсептейт.15-августта сот Брансонду үй-камагынан бошотуудан баш тарткан.10-августта Вашингтон түрк болоту менен алюминийине болгон бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул Түркиянын фондулук биржасынын жана улуттук валютасынын кескин арзандашына алып келди. Буга жооп кылып түрк президенти Режеп Эрдоган жаңы досторду издөөгө даяр экенин айтып, өлкөгө америкалык электрониканы алып кирүүгө тыюу саларын билдирген.
Saat_kg
Бишкектеги Токтоналиев көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу 2 айга жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 17-августтан тарта Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул учурда Айтматов проспектиси альтернативдүү жол болмокчу. Оңдоп-түзөө иштери 2 айга созулуп, 17-октябрда колдонууга берилет.
Saat_kg
Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарында коомдук ишмер, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ал 64 жашында Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Акенеев Жумакадыр Асанкулович 1954-жылы 22-январда Ысык-Көл облусунун Улакол айылында төрөлгөн.
Saat_kg
Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон Казакстандагы автобус кырсыгы боюнча сот Актөбө шаарында өтөт. Бул тууралуу Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындай чечимди сот ишти Актөбө шаарындагы сотко өткөрүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн карагандан кийин 16-августта кабыл алган. Алгач иш Иргиз райондук сотунда каралмак. Бирок ал облус борборунан 430 чакырым алыс болгондуктан, адвокаттар ишти Актөбө шаарындагы сотко өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн. Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун жылытуу үчүн каңдагыч лампа колдонуудан улам чыккан. Бул иш боюнча айыпталуучу катары беш адам өтүүдө. Алар авобустун үч айдоочусу жана Азия транзит сервис фирмасынын эки өкүлү негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Компаниянын жетекчиси менен механиги белгилүү бир аймактан чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулган. Автобустун ээсине болсо эл аралык издөө жарыяланган.
Saat_kg
Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан үйүнөн чыгып кетип кайтып келбеген эки өспүрүм кыз изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.15 жаштагы Бегимай Ахматалиева жана 13 жаштагы Аземгүл Койлубаевалар Ак-Тилек конушунда жайгашкан үйлөрүнөн 4-август күнү чыгып, азыркы күнгө чейин кайтып келишкен эмес. Өзгөчө белгилери: Бегимай Ахматалиеванын бою 160-165 сантиметр, чачы узун. Ак футболка, кара түстөгү жынсы шым жана кара түстөгү кеда кийген.13 жаштагы Аземгүл Койлубаеванын бою 160-165 сантиметр, чачы далысына чейинки узундукта, жүзүнүн сол тарабында меңи бар. Күлгүн түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Өспүрүм кыздарды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 36-35-27, 0 (550) 51-09-05, 0 (700) 20-96-66 же 102 номерине чалсаңыздар болот.
Saat_kg
Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Astana Hub эл аралык IT-стартап технопаркына жана Нур Алем павильонуна барды. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев аталган объектилердин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Атап айтканда, Astana Hub эл аралык IT-стартап технопаркы АКШдагы Кремний өрөөнүнүн казакстандык аналогу болуп саналат. Ал 9,6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, анда дарс залдары, лабораториялар, конференц-залдар, digital-компаниялардын кеңселери бар. Андан соң Өкмөт башчы Нур Алем павильонунун экспозициясы менен таанышты, ал Expo 2017 Astana көргөзмөсү ачылганга дейре эле кеңири таанымал болгон. Белгилей кетсек, Нур Алем павильону Казакстан Республикасындагы биринчи технологиялык келечектеги энергия музейи болуп саналат жана 8 кабаттан турат. Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев казакстандык жаш IT-адистери менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө алар өз эмгектерин сунуштап жана Казакстан Республикасында ишке ашырылган инновациялык долбоорлор тууралуу айтып беришти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз тарабынан жаш адистерди Кыргыз Республикасына келип, кыргыз кесиптештери менен тажрыйба алмашууга чакырды.
Saat_kg
Ошто дайынсыз жоголгон эки өспүрүм кыз Роза менен Гүлбара Бишкектеги Жал кичи районунан табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнен кабарлашты. Кыздардын айтуусунда, алар ойногону келишкен, телефондору болсо өчүк. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, алар 10-августта болжол менен саат 10 дор чамасында үйдөн чыккан боюнча кайтып келишкен эмес. Акыркы жолу аларды чогу Ак-Буура эс алуу жайынан көрүшкөн.
Saat_kg
2018-жылдын 13-август күнү Папан суу сактагычынан жогору жайгашкан капчыгайда сел жүрүп, таза суу менен ылайка суу аралашып Ак-Буура дарыясынын суу ылайкалыгы 5200 мг/литр болуп, ылай сууну тазалоо жана суу түтүктөргө берүү мүмкүнчүлүк болбой калган. Натыйжада шаарга таза суу берүү 5:30 да мажбур токтотулган. Бирок, 14-август саат 05:15 те суу шаардыктардын колдонуусуна берилген, -деп билдирди Ош шаарынын маалымат кызматы. Дарыядагы суунун ылайкалыгы азайып, нормага түшкөндө таза сууну бериле баштайт, себеби жашоочулар 1 сутка таза суусуз калышты. Бирок Ошшаарсууканал ишканасы 2018-жылдын 13-августунда эрте мененки саат 05:50 дө ыкчам түрдө соцтармактар (Вотсап жана Фейсбук) аркылуу эскертүү жана билдирүүлөрдү тараткан. Ош шаарынын Курманжан Датка, Манас Ата аймактык кеңештерин жана Туран, Калинин, Достук массивтерин таза суу менен камсыз кылуу жер алдынан алынуучу булактар аркылуу камсыз болгондуктан, таза суу берүү токтотулган эмес. Дарыянын суу ылайкалыгы жогору болуп, таза сууну шаарга берүү токтотуу бул биринчи көрүнүш эмес, себеби Ош шаарынын 70-75 пайызын таза суу менен камсыз кылуу ачык типтеги суу булагынан (Ак-Буура дарыясы) жүргүзүлөт. Шаардын жашоочуларынын саны күндөн-күнгө көбөйгөндүктөн, жашоочуларды таза суу менен жаан-чачын мезгилде үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, бир нече жолу Ак-Буура дарыясынын жээгине дренаждык курулуш куруу маселеси каралган. Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган Шашылыш жардам долбоорунун алкагында курулуган узундугу 300 метр болгон дренаждык курулуш долбоор боюнча 0,8 м3/сек. суу алуу каралган, бирок бүгүнкү күндө болгону 0,2 м3/сек. суу келип жатат. Себеби жер алдынан чыккан суунун аздыгы. Аталган маселени чечүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, жашоочуларды үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатта, суу алуучу тосмону сел агып түшкөн жылгадан жогору жака жылдыруу жана Кызыл-Кыштак жылгасынан Плотина суу алуучу тосмосуна чейин аралыгы 2,4 км. Ø1200 мм болгон эки суу түтүгүн куруу чечими кабыл алынган. Бул чечим ишке ашкан учурда, жаан-чачын мезгилде шаарды 75-80 пайыз таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Учурда долбоор (проектно-сметная документация) даярдалган, аталган курулушка болжол менен 5,0 млн. АКШ доллары керектелет. Каржы маселеси каралып жатат. Ал эми Достук аймактык кеңешиндеги көлөмү V=6000 м3 болгон экинчи таза суу кампасы 2016-жылы курулуп бүтүп ишке берилген. Таза суу кампанын максаты, суу түтүктөрдөгү басымды жогорулатып бир калыпта кармап туруу, таза суунун запасын көбөйтүү жана авариялык учурларда (суу түтүгү жарылуу же ѳрт чыккан учурда) сууну жѳнгѳ салуу. Суу кампалар аркылуу камсыздалуучу кичи райондор: Анар, Тѳлѳйкѳн, Черемушки, Кулатов, Ак-Тилек, СМУ-ТТ. Таза суу кампасы ишке берилгенден баштап азыркы күнгѳ чейин штаттык режимде иштеп келет.
Saat_kg
Тажикстандын Муминабад районунун 30 жаштагы тургуну Умар Муродов президентти кемсинткени үчүн жана интернет аркылуу мамлекеттик түзүлүштү күч менен кулатууга үндөгөн чакырыктары үчүн 5,5 жылга эркинен ажыратылды.1-августта чыгарылган соттун өкүмү бейшембиде күчүнө киргенин Хатлон облустун сотунан кабарлашканын Азаттыктын тажик кызматы жазды. Маалыматка караганда, Умар Муродов Орусияда иштеп жүрүп, Одноклассниктеги баракчасына Тажикстандагы бийликти күч менен кулатууга чакырган видео жүктөп, өлкө башчысына акарат келтирген сөздөрдү жазган. Бул кылмыш үчүн мыйзамда катаал жаза каралган. Бирок сот Умар Муродовдун мыйзамды алгачкы жолу бузгандыгын, кылганына өкүнүп, Орусиядан өз эрки менен келгенин эске алды, деп билдирди басылманын өз булагы. Умар Муродов 12-июнда Москва-Куляб каттамы аркылуу мекенине келген кезде кармалган. Ал быйыл мартта Москвада тажик бийлигинин өтүнүчү менен кармалып, бирок жетиштүү далил жок болгондуктан бошотулган. Умардын атасы Мурод Давлатов кылмыш жасаганын билип туруп уулу Орусиядан өз эрки менен келмек эмес деп эсептейт. Тажикстан парламенти 2016-жылы күзүндө Кылмыш кодексине толуктоолорду киргизип, Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсүнө, Улут лидерине эл алдында акарат келтиргендерди жоопкерчиликке тартууну колдогон. Мындай аракеттерге барган кишилерди 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Тажикстанда президент Эмомали Рахмонго 2015-жылы Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү Улут лидери деген макам берилген. Тажик бийлиги Facebook жана Одноклассники социалдык түйүндөрүн бир канча жолу экстремисттик идеяларды жайылтууга айыптаган.
Saat_kg
14-августта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +13+18, күндүз +27+32;Таласта түнкүсүн +9+14, күндүз +25+30;Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +15+20, күндүз +30+35;Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9+14, күндүз +21+26;Нарын дубанында түнкүсүн +7+12, күндүз +21+26;Ал эми Бишкек шаарында күч ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16+18, күндүз +30+32 градус ысык.
Saat_kg
Бир айыл бир продукт долбоору өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, гранттык жана жана техникалык жардамдарды аймактарга буруу абдан зарыл. Аймактарга Doing Business рейтингинин улуттук аналогун киргизүү иштерин баштоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар бир регион боюнча уруксат кагаздары, жер маселелери, инфра түзүмгө кошулуу жана жеңилдиктерди камтыган атайын инвестициялык лотторду даярдоо зарыл. Ошону менен бирге буга чейин өзүн жакшы көрсөтө алган Бир айыл бир продукт долбоорун республиканын бүт аймактарына жайылтабыз, деди Премьер-министр.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын катышуучулары 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын, ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоорлорун талкуулашты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө каралып жаткан документтердин негизги максаттарын белгиледи. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова чыгып сүйлөдү. Стратегияны талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстанды 2018-2022-жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн Биримдик, Ишеним. Жаратмандык программасы тууралуу айтып келип, ал программа Кыргызстанды 2018-2040-жылдары өнүктүрүүнүн Стратегиясынын негизги багыттарына шайкеш келээрин баса белгиледи. Аталган маселе боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, парламенттик фракциялардын лидерлери Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Иса Омуркулов, Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Баатырбеков, Жыргалбек Турускулов, Кыргызстан агробизнесмендеринин Жер Азыгы Ассоциациясынын директору Азиза Юлдашева, Эко. Партнер консалтингдик юридикалык компаниянын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт Светлана Борцова, Улуттук бизнес-ассоциациясынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, Өнүктүрүү саясаты институтунун башкармалыгын төрагасы Надежда Добрецова өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова доклад жасап, 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы тууралуу айтып берди. Жыйындын жыйынтыгында айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин чечимдери кабыл алынат.
Saat_kg
kg. Коомдук транспорттор 1-сентябрда билим күнүнө карата окуучуларды бекер ташыйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим аталган башкармалыктын коомдук транспорттор каттамын жүргүзгөн фирмалардын жетекчилери менен болгон жолугушууда кабыл алынды.
Saat_kg
Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чет өлкөлүк альпинисттерди алып бараткан МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганын кабарлады. Борттогу 16 жүргүнчү, анын ичинде үч учкучтун тагдыры белгисиз. Окуя жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча 16:30 да Исмоили Сомони чокусуна чыгып келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бараткан маалда болгон. Исмоили Сомони Тажикстандагы эң бийик чокулардын бири болуп эсептелет, бийиктиги 7495 метр. Айрым ММКлар альпинисттердин арасында Орусия, Беларус жана Испания жарандары бар экенин билдиришүүдө, бирок бул маалыматты расмий түрдө эч ким тастыктай элек.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын 113-беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу Курман айт мусулман майрамы, жумушчу эмес майрам күн болуп саналат, -деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, Мусулмандардын ыйык Курман айт майрамы 2018-жылдын 21-август күнү белгиленет.
Saat_kg
Сурхандарья облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн ташташты. Маркумдардын туугандарынын айтымында, кыздын үй-бүлөсү алардын баш кошуусуна каршы болгон. Сурхандарья облусунун темир жол милициясы бул окуяны тастыктады.10-августка караган түнү Кумкишлак айылында жашаган кыз менен жигит Термез Кумкурган Ташкент багыты боюнча бараткан поезддин алдына боюн таштап, мерт болушкан. Азаттыктын өзбек кызматы билдиргендей, прокуратура бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Кумкишлак айылынын активисттеринин биринин айтымында, кыздын атасы алардын никесине каршы чыккандыктан, жаштар өз өмүрлөрүнө кол салышкан.
Saat_kg
Жыгачтан жасалган эшик терезелерди контрабанда жолу менен ташып келе жаткан автоунаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекетик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ош облусунун аймагында эч кандай бажыга тийиштүү жана товар коштоп жүрүүчү документтери жок жыгач эшик терезелер жүктөлгөн автотранспорт кармалган. Андагы товардын жалпы салмагы 1750 кг, наркы 155 миң сомду түзөт. Бул товар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу бажы контролунан тышкары мыйзамсыз алынып өткөн. Факты боюнча материал Ош обулустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди, -деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, тийиштүү документтери жок 2379 даана брусчатка куюу үчүн калыптар жүктөлгөн автотранспорт да колго түшкөн.
Saat_kg
10-августта Бишкектин борборундагы жардыруу боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда милиция бул кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө ишин жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек. Белгилей кетсек, 10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болгон. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылган. Жардыруудан эки адам жабыркаган. Интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот. Александр Гайдуковго былтыр да дал ушул үйдүн алдында кол салуу болуп, бирок кылмыштын бети ачылган эмес.
Saat_kg
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен 17-18-август күндөрү барат. Бул тууралуу өзбек мамлекеттик басылмалары жазышты.uz агенттиги өз булактарына таянып, сапардын алгачкы күнү Ташкентте эки өлкөнүн искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда ири иш-чаралар өтө турганын кабарлады.18-августта Эмомали Рахмон Самаркандга барат, деп жазды басылма. Өзбек ЖМКлары Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары маалында 20 дан ашык документке, анын ичинде стратегиялык өнөктөштүк тууралуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууларга кол коюла турганын билдиришүүдө. Эмомали Рахмон акыркы жолу мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга 1998-жылы барган. 2016-жылы тажик мамлекет башчысы Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун тажиясы үчүн Самаркандга барып кеткен. Быйыл 9-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барган. Анда эки тараптуу кызматташтык тууралуу 27 документке, анын ичинде 30 күндүк визасыз режим жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган. Былтыр эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 126 миллион долларга жеткен. 2015-жылы бул көрсөткүч болгону 12 миллион гана долларды түзгөн.
Saat_kg
Талас облусунун Манас районундагы өрт кечээ,12-августта толугу менен өчүрүлдү. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Покровка айыл округундагы Алмалуу жайлоосунда 28-июлда башталган өрттүн кесепетинен 1000 гектар жер күйүп кеткен.8-авгутта өрт өчүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат келген. Бирок 10-августта өрт кайрадан от алган. Натыйжада өрт 2 күндөн кийин толугу менен өчүрүлдү, -деп айтылат маалыматта. Өрттүн кесептинен болгон чыгымдарды бүгүн 13-августта комиссия эсептеп чыгат.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта биринчи жолу Улуттук кеӊештин жыйыны өтүүдө. Анда Кыргызстанды 2040-жылга чейинки узак мөөнөткө өнүктүрүүнүн Стратегиясы жана 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясынын долбоорлору талкууланып, каралат. Отурумда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин жетекчилери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү, эксперттер жана массалык маалымат каражаттары катышууда. Күн тартибиндеги биринчи маселе 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө айтып жатып, Мамлекет башчысы Улуттук кеӊештин 2017-жылдын 15 ноябрындагы жыйынында бул маселе каралып, коомчулуктун талкуусуна коюлганын эске салды. Андан бери стратегиянын долбоорун талкуулоо кеӊири форматта болду. Ага мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү, эксперттер, кесиптик бирикмелер, бардык кызыкдар жарандар катышты. Донордук кеңеш менен жолугушуулар болду, алар да өздөрүнүн сунуштарын беришти, парламенттин депутаттары активдүү катышышты. Абдан көп сунуштар жана сын-пикирлер келип түштү. Алардын баары теӊ каралып чыгып, мезгилдин талабына жооп берген пикирлер эске алынды, деп белгиледи Мамлекет башчысы жана бул талкууга катышып, өз салымын кошкон бардык жарандарга ыраазычылык билдирди. Азыр келечек жөнүндө, өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу ойлонсок болот. Бул үчүн бардык зарыл шарттар бар. Учурдагы саясий, экономикалык жана социалдык кырдаал келечектин пландарын аныктап, аларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Эӊ негизгиси келечекте биз кандай өлкөнү курушубуз керек деген суроого жалпы элибиз өз пикирин билдирди, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал коомчулуктун ой-пикири, социалдык заказы ушул документте чагылдырылып, Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары ушул стратегияда аныкталганын белгиледи. Ошондуктан бул стратегия Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш. Каралып жаткан Стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бийликтин бардык бутактарына тиешелүү милдеттерди камтыйт. Бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнүгүү программалары кабыл алынат. Бул багыттардын ар биринин программалары иштелип жатат. Ар кайсы багыттарды камтыган иш-аракеттерди чачыранды кылбай, баарын теӊ бир багытка буруп, бир максатка үндөп турган кеӊири масштабдагы документ катары ушул Улуттук Стратегия кызмат кылат, деп белгиледи Президент. Ал жалпы максаттар, аткарылчу иштердин алкактык рамкасы коомдун баардык катмарын камтыган ушул жалпы Улуттук кеӊеште аныкталганы туура болорун жана ал Президенттин Жарлыгы менен бекитилерин белгиледи. Ошондо бардык мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын бир багытта, бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзүлөт. Ушул документте аныкталган рамканын ичинде социалдык, экономикалык, сот-укуктук, саясий, башкаруу, шайлоо жана башка багыттарды өзүнчө караган программалар Жогорку Кеӊештин кароосуна коюлат, парламентте талкууланып, кабыл алынат. Ал эми региондордун өнүктүрүү программалары шаардык кеӊештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талкуусунан өтүшү зарыл, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы белгилегендей, Стратегия 2040-жылга чейинки мезгилде, этап этабы менен, ырааттуулук менен ишке ашырылат. Биринчи этап катары, 2023-жылга чейинки мезгил өзүнчө бөлүнүп каралат. Бул мезгилде аткарылчу максаттар, жасалчу иштер так аныкталды. Алдыдагы беш жыл ичинде ишке ашырылуучу долбоорлор, конкреттүү милдеттер белгиленди. Алардын аткаруу мезгили, каржы булактары, адам ресурстары жана мыйзамдык нормалары такталды. Ошондуктан ушул этапта 2023-жылга чейин аткарылчу иштер өзүнчө бөлүнүп, такталып, силердин назарыӊыздарга сунушталып жатат, деп айтты Президент. Биздин максат өнүккөн өлкөнү, чыныгы көз карандысыз мамлекетти куруу. Бул максатка жөн эле жетүүгө болбойт. Стратегиялык максаттарыбыздын ишке ашуусуна саясий туруктуулуктун шартында гана жетише алабыз. Коомдун тынчтыгын, өлкөдө саясий стабилдүүлүктү сактоо өнүгүүнүн фундаменти. Бийлик бутактарынын ортосундагы ырааттуу, бир багыттуу иш-аракеттерди камсыз кылуу негизги милдет катары кабыл алынат. Бийликтин, бизнестин, жарандык коомдун ынтымак, биргелешкен аракеттери керек болот. Стратегиябызда бул иштерге артыкчылыктуу багыт катары көӊүл бурулат. Мен өлкөнүн Президенти катары бул үчүн бардык ыйгарым укугумду колдоном, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал биринчи кезекте адамдардын потенциалын өстүрүү керектигин белгиледи. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн адам ресурстарынын сапаты биринчи орунга чыкты. Сунушталып жаткан Стратегиянын мурдагы мамлекеттик документтерден айырмасы бул Стратегия биринчи кезекте адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Эми бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот. Ал үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн рамкасынан сырткары дагы, соттук, укуктук, демократиялык багыттарга да өзгөчө көңүл буруу талап кылынды. Ошол эле себеп менен руханий баалуулуктарга, каада-салтыбызга аяр мамиле кылууга, улуттар аралык ынтымакты камсыз кылууга, маданиятыбызды, тилибизди өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыт берилди, деп белгиледи Президент. Ал эӊ жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдет сот реформасын ишке ашыруу экенин белгиледи. Эл ишенген, калыстыктан тайбаган сот системасы орносо, өлкөнү өнүктүрүүнүн эӊ негизги фактору камсыз кылынат. Ошондой эле соттук иштердин ачык-айкындыгын, сот процесстеринин заманбап технологиялар менен жабдылышы камсыз кылынышы керек. Стратегиябыздын максаты улуттук сот системасын куруу, адилеттикти жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупциядан тазалоо. Ушул стратегия башкаруу системасынын кесипкөй, туруктуу жана жоопкерчиликтүү болушун шарттайт. Сапаттуу жана мобилдүү башкаруу системасын түзүүгө жол ачат, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Биринчи этаптын алкагында Президент коррупция менен күрөшүүнү улантуу, башкаруунун тазалыгын, кабыл алынган чечимдердин адилеттигин, ачык-айкындуулугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн башкаруу системасынын иш форматын өзгөртүп, башкаруу чөйрөсүндөгү технологияларды башкалардан артта калбай өздөштүрүү керек. Ошондуктан Түндүк электрондук системасын тез арада ишке киргизүү, жалпы эле Таза коом долбоорун ишке ашыруу бардык бийлик бутактарынын актуалдуу иши, баарыбыздын алдыбызга коюлган максат. Жаӊы технологиялардын, жаӊы экономикалык платформалардын, жаӊы инфрастуктуралардын жайылуусу күтүлүүдө. Бул тенденциялар элге кызмат көрсөтүүгө, билим алууга, саламаттыкты сактоого өзгөртүү киргизүүнү шарттайт. Эмгек рыногун кескин өзгөртөт. Биз бул чакырыктарга өлкөбүздүн экономикасын, социалдык чөйрөсүн, жалпы эле жарандарын даярдоого милдеттүүбүз, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Президент узак мөөнөткө максаттарды белгилеп жатканда глобалдык жана регионалдык тенденцияларды сөзсүз эске алуу зарылдыгын белгиледи. Дүйнөдө олуттуу экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр орун алып жатат. Алар Кыргызстандын өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет. Коӊшу мамлекеттер, стратегиялык өнөктөшүбүз Россия менен достук мамилелердин өнүгүүсүнө өзгөчө маани беребиз. ЕАЭС, Жамаатык коопсуздук келишими, Шанхай кызматташтык уюмдарына мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыӊдоо биздин стратегиялык максаттарыбызга кирет. Жакынкы коӊшубуз Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилебизди жакында эле стратегиялык деӊгээлге көтөрдүк. Бул багытты улантабыз. Түркия, Япония, Корея, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Араб өлкөлөрү менен жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Эл аралык өнөктөштөрүбүз, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму менен иштөөгө артыкчылыктуу маани беребиз, деп белгиледи Президент. Мамлекет башчысы Улуттук стратегиянын долбоору жарыяланып, коомдук талкууга коюлганын, эл аны жакшы билерин эске салды. Мен өзүм да биздин стратегиялык пландарыбызды элге жеткирүүгө аракет кылдым. Региондорго барып, эл менен жолугушуп, келечек жөнүндө ой бөлүштүм. Стратегиялык өнүгүүнүн багыттары жөнүндө мен Жогорку Кеӊештин сессиясында чыгып сүйлөдүм. Жакында эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог болду. Биз кеӊири алкакта өнүгүү маселелерин талкууладык. Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибиз менен жакшы пикир алыштык. Алардын ой-пикирлерин, сунуштарын да камтыганга аракет кылдык. Бул жолугушуулар көрсөткөндөй, коом бизден өлкөнүн узак жана орто мөөнөттүү өнүгүү багыттарын аныктоону күтүп жатат, деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Андан кийин Мамлекет башчысы КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Улуттук Кеӊештин секретары Нурсулу Ахметовага Кыргыз Республикасын 2018-2040 жылдарга өнүктүрүү стратегиясынын презентациялоо үчүн сөз берди.
Saat_kg
Аксы районунун Жаңы-Жол айылында талаада чөп жыйнап жүргөн кишиге чагылган тийип каза болду. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ, 12-август күнү саат 08:30 чамасында Таштак айылында чагылган түшкөн. Маркум 1980-жылы туулган Ш. К. дал ушул учурда айыл четинде талаада чөп чаап жаткан.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 13-августта Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өткөрүлөт.2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Стратегиясынын долбоору каралат. Ошондой эле 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясынын долбоору талкууланат. Биринчи маселе боюнча Улуттук кеңештин Катчылыгынын доклады угулат. Экинчи маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берет. Улуттук кенештин жыйынына мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдарынын жана бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кеңири курамда катышат. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы: Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын Президенти, улуттук кеңештин төрагасы; Джумабеков Дастанбек Артисбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Токбаева Айнаш Абдымановна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы; Өмүркулов Иса Шейшенкулович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери; Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргызстан фракциясынын лидери; Турускулов Жыргалбек Куручбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Республика Ата-Журт фракциясынын лидери; Төрөбаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери; Сулайманов Алтынбек Турдубаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бир бол фракциясынын лидери; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси (кызмат боюнча);Сагынбаев Дамир Казакович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Джамшитов Өткүрбек Асилбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; Шайлдабекова Нуржан Кармабековна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы; Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы; Панкратов Олег Михайлович Кыргыз Республикасынын экономика министри; Касымалиев Адылбек Алешович Кыргыз Республикасынын финансы министри; Ахметова Нурсулу Меирбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчысы; Дикамбаев Азамат Шамильевич Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; Борцова Светлана Валерьевна Эко. Партнер консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору, экология боюнча көз карандысыз эксперт; Усупбекова Айнура Максатбековна Жарандык Платформа коомдук фондусунун директору; Юлдашева Азиза Узгеновна Жер Азыгы Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору; Койчуманов Таалайбек Джумашевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы; Кыдырбаев Улук Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы; Добрецова Надежда Николаевна Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.
Saat_kg
Кечээ, 12-август күнү саат 09:10 до Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 128-чакырмында, Манас айылында Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4 адам жабыркаган. Жабыркагандар Чат-Базар айылында жайгашкан ооруканага жеткирилген.
Saat_kg
Нарын облусунун Нарын шаарында 2018-жылдын 12-август күнү саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырларын учурган, -деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин Нарын шаардык 16-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмунөн 8 куткаруучу жана райондук Жарандык коргонуу( ЖК) комиссиясы тартылган.13-август күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.
Saat_kg
Кыргызстанда Интернет айдыңында тараган маалыматтардын, журналисттер жазып жаткан кабар-баяндардын чын-төгүнүн аныктоого багытталган сайт иштей баштады. Быйыл 1-июнда ачылган factcheck.kg сайты өлкөдө медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында эл аралык Сорос-Кыргызстан фондунун каржылык колдоосунда иштеп жатат. Анын негизги максаты фейктердин бетин ачуу жана окурмандарды ар бир маалыматка дароо ишене бербестен, сын мамиле менен кабыл алып, чын же жалган экенин билүүгө үйрөтүү. Жазылгандын баары чындык эмес дейт сайттын башкы редактору Болот Темиров. Сайтта маалымат каражаттарында чыккан макалаларга талдоо жүргүзүү, чындык менен токулган маалыматты айырмалай билүү ыкмалары аудио, видео жана текст түрүндө орусча жана кыргызча жарыяланып турат. Азыр сайтта элүүгө жакын талдоочу, маалыматтык баяндар бар. Жарандар же басылмалар кай бир кабардын, сүрөттүн чын-төгүнүн билүүнү кааласа, сайт аркылуу адистерге кайрылса болот. Фактчекинг журналисттик иликтөөнүн бир түрү жана учурда эл аралык трендге айланууда.
Saat_kg
Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Кечээ, 12-августта Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан Кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта, ал эми 20-августта арапа күнүн белгилешет. Бул күнү ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушат. Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо курмандык чалуу майрамы дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.
Saat_kg
13-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо жаан карга айланышы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1116, күндүз 2530;Талас жергесинде түнкүсүн 813, күндүз 2328;Баткенде түнкүсүн 1520, күндүз 2732;Ош жана Жалал-Абад облустарында 1419, күндүз 2631;Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 813, күндүз 2025,Нарын дубанында түнкүсүн 712, күндүз 2227;Бишкекте 13-августта түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1416, күндүз 2830 градус болот.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-августта, Ачык асман саясатын киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт авиация тармагын өнүктүрүүгө зор маани берет.2003-жылдан бери Ачык асман саясатын ишке ашыруу натыйжасыз болуп келген. Учурда биз биз Ачык асман саясатын ишке ашыруу максатында авиа ташуулар рыногун либералдаштырууга ниеттенүүдөбүз. Биздин республика аркылуу эл аралык учууларды жасоону бардык каалоочуларга бир тараптуу тартипте абанын бешинчи эркиндиги укугу берилет. Бул демилге өз ара пайдалуу кызматташууну камсыздоого, ошондой эле авиа ташуучулар арасында ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана тейлөө деңгээлин жогорулатууга багытталган. Өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков ачыктык, айкындуулук бардык тармактардагы, анын ичинде авиация жаатындагы кайта өзгөртүүлөр үчүн өбөлгө болушу керектигин бир нече жолу айткан. Бардык тармактардагы ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу керек, деди Өкмөт башчы. Премьер-министр айрыкча белгилегендей, ал Өкмөт башчы катары алды менен биздин жарандардын учуулары болушунча коопсуз болушуна кызыкдар. Эгерде Ачык асман бизди коопсуз учуулар, арзан авиабилеттер, учуулардын багытын кеңейтүү менен камсыздаса, анда мен Ачык асман либералдык вариантын колдоогго даярмын. Анын үстүнө бул республиканын экономикасына да, туристтик тармагына да оң таасирин тийгизет. Биздин өлкө инвесторлор, туристтер үчүн бейиш деп дайыма айтканыбыз менен, иш жүзүндө жада калса дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен түз аба каттамдарыбыз жок. Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин көрүүдө жана Ачык асман саясатына өтүү бул багыттагы алгачкы кадамдардын бири. Андан соң Манас эл аралык аэропортунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча тийиштүү иштер жана башка иш-чаралар жүргүзүлөт, деп кошумчалады Премьер-министр. Кеңешменин жүрүшүндө көз карандысыз эксперттер өз бет ачарларында белгилегендей, көп жылдар бою Ачык асман саясатын киргизүү мүмкүн болбой келген. Алардын айтымында, айрым мамлекеттик органдар жана кээ бир жеке авиакомпаниялардын өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын лоббирлөө менен алектенишкен. Натыйжада көптөгөн кыргызстандыктар кымбаттыгынан улам авиабилеттерди сатып ала алышпайт же Ташкент жана Алматы шаарларынын аэропортторунун кызматтарын колдонууну тандашат. Салыштыруу үчүн эксперттер Ачык асманды киргизгенден кийин 2016-жылы жүргүнчүлөрдү ташуу 10%, 2017-жылы 21% түзгөн Арменияны мисалга келтиришти, ошол эле учурда Кыргызстанда 2016-жылы 2%, 2017-жылы 16% болгон. Бүгүнкү күнү Өкмөт менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул демилгени колдоого жана Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууга ниеттенип жатканы кубандырат. Муну менен биздин жарандарыбыз авиабилеттерди жеткиликтүү баада сатып алышат, ал эми чет элдик авиакомпаниялар кызыктуу каттамдарга ээ болуу туруктуулугуна ынанышат, деп баса белгиледи эксперт Мирсулжан Намазалиев. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт Кыргыз Республикасынын Аба кодексине парламенттин депутаттарынын тобу менен иштелип чыккан өзгөртүүлөрдүн вариантын колдойт. Сунушталган вариант кыйла либералдуу жана өлкө жарандарынын кызыкчылыктарына жооп берген катары каралууда. Маалымдама: Ачык асман саясаты бул эрежелерди либералдаштырууга жана эл аралык авиацияны жөнгө салууга, бул тармакта эркин рынокту түзүүгө багытталган эл аралык тажрыйба. Бул Өкмөт авиакомпаниялардын каттамдарды аныктоо, пункттарды, көлөмдөрдү, билеттердин баасын жана жүк ташууларды белгилөө чечимдерине кийлигишпейт дегенди билдирет. Ачык асман режиминде бардык чет элдик ташуучуларга аэропортко учууларды дээрлик чектөөсүз аткаруу, тагыраагы, аба ташуулдарына арналган аба кемелерине учууларга бир тараптуу чектөөрдү алып салуу каралган.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Джаркеева Эльвира Сагыналиевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Saat_kg
Тажикстан бийлиги 20-августтан тарта SIM-карталардын наркын 250 сомониге ($26) чейин көтөрүүнү пландоодо. Бул азыркыга салыштырмалуу 50 эсеге кымбат. Өлкөдөгү үч ири мобилдик оператор бул маалыматты тастыктады. Тажикстан ИИМи бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки коопсуздук чараларын күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирди. Алгач SIM-карталарды 1000 сомониге ($104) чейин сатуу сунушталган, бирок талкуу учурунда анын баасын төмөндөтүүнү чечишкен. Айрым абоненттер номер алмаштырганды жакшы көрөт, SIM-карталардын баасын жогорулатуу мунун алдын алат. Мындан тышкары тажик операторлорунун SIM-карталары колдон колго өтпөй калат, деди Байланыш кызматынын өкүлү. Мобилдик операторлордун биринин өкүлү Азаттыктын тажик кызматы менен сүйлөшүү учурунда айрым абоненттер орус же кыргыз SIM-карталарын сатып алып, ромингге туташтырып алышы мүмкүн экенин, бул алда канча арзан түшөрүн божомолдоду. Кыргызстан менен чектеш район жашоочулары мындай ыкманы азыр эле колдонушат.9 миллион жашоочусу бар Тажикстанда 4,1 миллион активдүү абоненти бар. Учурда өлкөдө төрт мобилдик компания иштейт.29-июлда автоунаа Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жаракат алган. Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирген. Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кетишкен. Бирок көп өтпөй 21 жаштагы жигит колго түшкөнү белгилүү болгон. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Ислам мамлекети экстремисттик тобу өзүнө алган.
Saat_kg
Таш-Дөбө айылынын көп кабатуу үйлөрүндө жашаган тургундары Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун алдында митингге чыгышты. Бул тууралуу SAAT.KG маалымат агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришти. Маалыматка ылайык, алар таза суу үчүн жергиликтүү тургундардан жыйналып алынган акчаны кайтарып берүүнү талап кылышкан. Буга чейин алар суу маселесин чечип берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылышкан. Пикетке чыккандар эгерде жогорудагы маселе тез күндүн ичинде чечилбесе анда 6 кабатуу үйдүн тургундарынын баары пикетке чыгарын баса белгилешти. Биз төрт айдан бери таза суусу жок жашап жатабыз. Жайдын ысык күндөрүндө көп кабатуу үйдө суу жок аябай кыйналдык. Биз күтө берип чарчадык, ушунча чыдаганыбыз жетишет! Буга чейин акча топтоп берип, жетекчиликтин айтканына көнгөнбүз. Институттун директорунун жогору жакта таанышы бар деп да айтып жатышат. Бул бизди кызыктырбайт! Бизге же акчабызды кайтарып берсин же таза суу менен камсыз кылсын! Биз бул ишти аягына чыгарабыз. Президент Сооронбай Жээнбеков бүтүндөй Кыргызстанды таза суу менен камсыз кылам деген. Азыр биз анын жообун күтүп жатабыз, -деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири. Суу көйгөйү жергиликтүү тургундардын нааразылыгынын негизги себеби болуп калды. Алар учурда таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну талап кылып жатышат.
Saat_kg
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылгандардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, оорулууларга диагноз али коюла элек. Лабораториялык изилдөөлөр 3-4 күндөн кийин белгилүү болот. Бейтаптардын баардыгы учурда антибиотик алып жатышат. Белгилей кетсек, Кара-Кулжа районунда 12 киши сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылган.
Saat_kg
Кичинекей кыргызстандык Селим Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өткөн шахмат боюнча эл аралык турнирде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Илимбек Есенбек уулу өзүнүн баракчасына Селимдин сүрөттөрүн жана видеосун жарыялаган. Кыргызстандык Селим Атамбаев 10 жашка чейинки топто жеңишке жеткен.
Saat_kg
15-август күнү болжол менен саат 10.30 чамасында Германия мамлекетинин жараны Ральф Сесок Ысык-Көл ОИИБге фотоаппаратын, аларды жеткирген автоунаада унутуп калганын билдирген. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик турист, Ак-Суу районунун Сары-Жаз аймагынын Ичкели-Таш туристтик каттамында келинчеги жана уулу менен болушуп, 14-август күнү кайрадан жөө жүрүш менен кайтып баратканын белгиледи. Орто жолго жетип калганында, жергиликтүү тургун автоунасы менен кезигип, кайсыл тарапка баратканын сураганда, Каракол шаарына жөнөп баратканын айткан. Анда, айдоочу бекер эле жеткирип коёрун сунуштаган. Караколго жеткенде аларды жеткирген автоунаада баасы 3 миӊ АКШ долларынан ашык турган фотоаппаратын унутуп калышканын билдиришкен. Атайын англис тилин окуу курсун окуп бүтүрүшкөн милиция кызматкерлери чет мамлекеттик жарандын кайрылуусун которушуп, Ысык-Көл ОИИБнин тийиштүү кызматтына тапшырылат. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, көпкө узабай белгисиз автоунаанын айдоочусу аныкталып, андан чет мамлекеттик турист унутуп фотоаппарат табылып алынып, кайтарылып берилди. Белгилеп кетсек, чет мамлекеттик жарандардын кайрылууларына жана арыздарына, котормочу адистерди күтпөстөн, тез аранын ичинде чара көрүү максатында үстүбүздөгү жылдын март айынын орто ченинде Ысык-Көл ОИИБи өздөрүнүн кызматкерлерине англис тилин окууту курсун уюштурушкан. Эки айлык атайын окууту курсун К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун жогорку квалификациялуу окуутучулар окутушуп, милициянын спецификасына тиешелүү болгон тил методикасын үйрөтүшкөн.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 16-17-августунда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан аркы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралат. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки жактуу келишимдерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бахытжан Сагинтаев менен жолугушуусу пландаштырылган. Ошону менен бирге Өкмөт башчы Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен биргеликте Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу салтанатына катышат.
Saat_kg
Бүгүн, 2018-жылдын 16-август күнү саат 09:20 да Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет. Эске сала кетсек, 14-август күнү саат 22:13 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1980-жылы туулган Ю. (эркек киши) аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Saat_kg
Орусия жыл башынан бери Кыргызстандан барган 300 тоннадай жашылча менен мөмө-жемишти артка кайтарды. Буга чейин Казакстан да 47 жолу азык-түлүктү Бишкекке кайра жөнөткөн. Буга товарлардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербегени себеп болгон. Тийиштүү органдар Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптары тууралуу ишкерлер эскертилип жатканын билдиришүүдө. Соңку эки күн ичинде эле Орусияга дагы 43 тонна жашылча жана жемиш (жүзүм, кулпунай, жаңгак ж.) киргизилген жок. Ошентип жыл башынан бери Орусиядан кайра кайтарылган азык-түлүктүн эсеби 294 тоннага жетти. Ачыкка чыкпаган маалыматтарды кошкондо көрсөткүч мындан да көбүрөөк болушу мүмкүн. Канткен күндө да бул товарлардын кайтарылышына фитосанитардык сертификаттардын жараксыз жана талапка жооп бербегени негиз болгон. Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев буга ишкерлер өздөрү күнөөлүү деп эсептейт. Расмий эсепке караганда, быйыл январь-апрель айларында Кыргызстандын ЕАЭБден кирген импорту көбөйүп, экспорту азайып кетти. Өлкөнүн уюмдагы башкы соода өнөктөшү мурдагыдай эле Орусия. Быйыл төрт айда Орусияга 102 миллион долларга товар экспорттолсо, 351 миллион долларлык товар импорттолгон. Көрүнүп тургандай, импорт экспорттон үч эсе көптүк кылат.
Saat_kg
2018-жылдын 20-августу республикада эс алуу күнү катары жарыяланды. Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Бул чечим 2018-жылы эс алуу жана жумуш эмес күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максаттарында кабыл алынды. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, беш күндүк иш жумасы менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которулсун. Беш күндүк иш жумалагы менен иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 20-августуна которуу сунушталсын, -деп айтылат маалыматта.
Saat_kg
Региондорду өнүктүрүүдө кооперативдердин келечеги кең, -деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапарынын алкагында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда. Мамлекет башчысы жакында Кооперативдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол коюлгандыгын эске салды. Аймактарды өнүктүрүүдө кооперативдерди түзүү зор роль ойнойт. Бул мыйзамда айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү багытында жакшы шарттар түзүлгөн, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Эске салсак, Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынып, Кооперативдер жөнүндө колдонуудагы мыйзамдын айрым кенемтелерди толуктоо максатында иштелип чыккан. Кабыл алынган мыйзам кооперативдердин кеңешинин ишин жакшыртууга, кооперативдердин ишиндеги ички карама каршылыктарды жана кызыкчылыктардын кагылышын жоюуга мүмкүнчүлүк берет. Республикабызда кооперативдик системаны өнүктүрүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, атаандашуу жөндөмдүүлүктөрүн арттырууда, чарба жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу проблемаларын чечүүдө жана товардык продукциянын өсүшүнө өбөлгө түзүүдө өзгөчө роль ойнойт.
Saat_kg
Кечээ, 15-августта белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев каза болду. Бул маалыматты Жумакадыр Асанкуловичтин туугандары тастыкташты. Алар кабарлашкандай, Жумакадыр Акенеев болжол менен саат 18:00 дөр чамасында жүрөк оорусунан каза болгон. Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон. Анын артында үч уул, бир кыз калды.KG маалымат агенттиги Жумакадыр Акенеевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Saat_kg
Алматы соту Кыргызстан жараны, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартты. Ал быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон. Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаранды Уланбек Мурадилов менен Чынгыз Абакировду камакка алуу чечимин чыгарган. Казак бийлиги кармалгандардан чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет деп шек санаган. Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту да бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан. Жамбыл облустук прокуратурасы буга чейин Азаттыктын казак кызматына Дамирбек Асылбек уулунун кайда экенин жарыялоодон баш тарткан. Облустук прокуратура Кылмыш-процессуалдык кодексине таянуу менен тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбай турганын билдирген.
Saat_kg
Караганда облусунда абакта адам өлүмүнө алып келген кыйноолорду уюштурууга айыпталган кишилер түрмөгө кесилди. Шахтинск шаардык соту АК-159/6 абагынын башчысынын жардамчысы Баурбек Шотаев менен АК-159/7 колониясынын ыкчам бөлүмүнүн кызматкери Виталий Зарецкий жети жылга эркинен ажыратылды. Алар кылмыш уюштуруу, адам өлүмүнө алып келген физикалык жана психикалык зыян келтирүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.2017-жылы 11-мартта акчам бөлүмдүн кызматкери Виталий Зарецкий камактагы Валерий Чупинди башка бөлүмгө которуп, аны жазалоону буюрган. Тергөө материалдарына караганда, түрмөдө отургандар Чупкинди сабап, денесине ток тарттырышкан. Ал оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген жана кийинки күнү көз жумган. Камактагы топтун башчысы Тимур Кирбаев адам өлүмүнө алып келген физикалык жана психикалык зыян келтирүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилди. Абактагы дагы беш киши Евгений Флотский, Дмитрий Крушинский, Николай Тюков, Максим Коваль жана Куанышбек Жарасбаевдин ар бири жети жылдан эркинен ажыратылды.
Saat_kg
Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Пост-патруль кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүрүп кетишти. Азаттыктын өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып кабарлагандай, Акрамовдун сөөгү 4-августтун кечинде өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылган. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ал бычакталган. Кылмышты Башкы прокуратура иликтей баштады.40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.
Saat_kg
Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-август күнү саат 18:30 чамасында Ош облусун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган Б. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. КР ӨКМнин 53 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. 6-август күнү издөө иштери улантылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:25 те маркумдун сөөгү табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.
Saat_kg
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы жол кырсыгынан 50 жаштагы айдоочу менен 20 жаштагы жүргүнчү каза болду. Окуя 3-августта саат 11:30 да болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты. Маалыматка караганда, аталган райондун 1967-жылы туулган тургуну С. ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унааны башкара албай, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 20 жаштагы М. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу алган жаракаттын кесепетинен ооруканада көз жумду. Жол кырсык фактысы боюна Кара-Кулжа РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. КР Өкмөтү тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады. Мамлекет башчысы ошондой эле жакын арада Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна алынып чыкчу Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду. Мындан тышкары ал Премьер-министрге Өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуш кылды. Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек, деп белгиледи Мамлекет башчысы. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, Коопсуз шаар, Түндүк системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана Таза коом санарип трансформация Программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди. Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына ылайык, ведомство аралык жумушчу топ аркылуу Коопсуз шаар долбооруна карата технико-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты. Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолдору, 52 стационардык чектери эрежени бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен камсыздалат. КР Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылдын 20-июлунда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялады, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат. Таза Коом санариптик трансформациясы Программасын ишке ашыруу боюнча айтып жатып, Премьер-министр КР Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш Программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи. деп маалымдады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Saat_kg
Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Мигранттар боюнча башкармалыктын 2017-жылкы статистикасына ылайык, өлкөдө 303 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган. Алардын 86 сы сириялыктар, 31 и кыргызстандыктар, 25 и марокколуктар. Расмий кабарга ылайык, көбүнчө Анталия, Стамбул жана Анкара сыяктуу чоң шаарларда чет элдик аялдар жумуш таап берем деген куру сөзгө алданып калган учурлары катталган. Акыркы үч жылда Түркияда кулчулукка кабылган 642 чет өлкөлүк жарандын 460 ы аял кишилер болгон. Түркиянын Миграция департaментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Мыйзамсыз иштеп жүргөндөр миңдеп саналары айтылат. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.
Saat_kg
7-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1823, күндүз 3035,Талас жергесинде түнкүсүн 1823, күндүз 2833,Баткен облусунда түнкүсүн 1823, күндүз 3237,Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1823, күндүз 3136,Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1217, күндүз 2429,Нарын облусунда түнкүсүн 1015, күндүз 2732,Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 05, күндүз 1318 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 2022, күндүз 3335 градус жылуу болот.
Saat_kg
Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадурого, борбор шаар Каракастагы аземде сөз сүйлөп жаткан учурунда жарылуучу зат жүктөлгөн дрондор менен кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кол салууда Мадуронун жаракат албаган. Байланыш министри Жорги Родригез, кол салуунун Мадурону бутага алганын жана 7 аскердин жаракат алганын жарыялады. Мадуро, кол салуудан кийинки элге кайрылуу сөзүндө, Бул мени өлтүрүүгө карай аракет болду. Бүгүн мага кол салуу аракетин кылышты, -деди. Ушул убакка чейин топтолгон далилдердин, кол салуунун ашкере улутчулдар тарабынан жасалганын көрсөткөнүн белгилеген Мадуро, кол салгандардын Богота жана Маями менен байланышы болгонун айтты. Мага кол салгандардан айрымдары кармалды, -деп айткан Мадуро, дагы кеңири маалымат берген жок. Венесуэланын Улуттук парламентинин төрагасы Диосдадо Кабелло дагы Твиттердеги бөлүшүүсүндө, окуяны террордук кол салуу деп атап, Шайлоолордо жеңишке жетише албаган оңчулдар, коомдук жайларда зомбулукту улантуу боюнча көөшөрүүдө, деген серебин салды. Бир тараптан өздөрүн Футболка кийген аскерлер деп атаган топ, Твиттердеги бөлүшүүсүндө кол салуунун жоопкерчилигин милдеттенди. Андан мурда аты угулбаган топ туурасында кеңири маалымат табылган жок.
Saat_kg
Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 40 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 41 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Иригатор көчөсүндөгү 91 үйдүн 8 чарчы метр ашкана бөлмөсү жана үй буюмдары күйүп кетти. Адамдар жабыркаган эмес. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.
Saat_kg
Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын жаңы башчысы болуп Талантбек Асаналиев дайындалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чүй ОИИББнин башчысы милициянын полковниги Самат Курманкулов Аламүдүн РИИБнин курамына жаңы жетекчини милициянын полковниги Талантбек Асаналиевди тааныштырган. Талантбек Асаналиев 1975-жылы төрөлгөн. Ички иштер органдарында 1993-жылдан тарта иштейт. Ички иштер органдарындагы кызматын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн 8-шаардык милиция бөлүмүндө коопсуздук кызматкери болуп иштөөдөн баштаган. Кызмат өтөө учурунда коопсуздук кызматкери, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук коопсуздук кызматери болуп эмгектенген. Бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. 2018-жылдын июнунан бери Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын экинчи башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Saat_kg
4-август күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Достук айыл аймагына караштуу Бачок тилкесинде Нарын дарыясына 1988-жылы туулган Б. аттуу жаран түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМдин берген маалыматына ылайык, 5- август күнү издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылган эмес. Бүгүн, 6-август күнү саат 08:40 та издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 6 куткаруучу жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2 Издөө-куткаруу отрядынан 13 куткаруучу, жалпы 19 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.
Saat_kg
2018-жылдын 5-август күнү 16:23 чамасында Бишкек-Нарын- Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында Тайота-Марк II үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен, -деп айтылат маалыматта. Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1949-жылы туулган П. жеңил жаракат алган. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары барышып, айдоочуну тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Saat_kg
Көзү тирүү болгондо вице-премьер Темир Жумакадыров 4- августта 39 жашка чыкмак. Маркумдун туулган күнүнө карата жубайы Нора Сүйүналиева ыр жаздырып, видеоролик даярдаган. Темир Жумакадыров 2017-жылдын 7-октябрь күнү Москва районунун Садовое айылында жол кырсыгынан улам көз жумган. Окуя болгон жерден Жумакадыровдун жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов да мүрт кеткен.
Saat_kg
Кыргызстанда жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдиришкендей, бүгүн, 6-августта саат 03:36 чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Ак-Сай айылынан 6 чакырым түндүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта, Тогуз-Булак айылынан 9 чакырым түндүк-чыгышта, Тоң айылынан 22 чакырым батышта жайгашкан. Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер силкинүүнүн күчү Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында 3 баллга жакындаган.
Saat_kg
Турду Омуралиев 80 жашта. Ал мындан туура 45 жыл мурун Кытайдын Кызыл-Суу районуна караштуу Төмөнкүч айылынан Кыргызстанга качып келген. Турду аксакалдын ата-энеси 1916-жылы улуттук боштондук маалында падышалык орус бийлигинин кысымына чыдабай, Кытайга качып баргандардан. Турдакун Омуралиевдин айтымында, анын туугандары деле Кытайда жашайт. Буга чейин бир нече жолу барып, ал-жай сурашып келген, быйыл оорусунан улам ал жакка жетпей жатканын айтып отурду.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 4-августта, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кара-Көл шаарынын Б. Рысбеков атындагы ооруканасына барды. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, буга чейин медициналык мекеменин аймагында оорукананын кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулуп жаткан. Социалдык объекттин аймагында турак үйлөрдү курууга тыюу салынгандыктан, имаратты административдик-турмуштук керектөөлөр үчүн берүү чечими кабыл алынган. Объекттин курулушун аяктоо үчүн жалпысынан 7 миллион сомдун тегерегинде каражат зарыл, деди Космосбек Чолпонбаев. Өкмөт башчы кийинки жылдын бюджетинен зарыл болгон каражаттарды алдын ала караштырууну тапшырды жана медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын көтөрүү пландалып жатканы тууралуу айтып берди. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өз структурасын оптимизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын маянасын жогорулатуу үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Эмгек акысын көтөрүү көрүнүктүү болору пландалууда, деп айрыкча белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Балта Суусамыр тилкесин реабилитацилоонун жүрүшү менен таанышты. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев маалымдагандай, 8 чакырым жол тилкесин реабилитациялоо, 9 чакырым жолдун бетинин үстүңкү катмарын алмаштыруу, жолдун аң-чөнөктөрүн оңдоо жана башка зарыл болгон жол курулуш иштерин жүргүзүү долбоордо каралган. Өкмөт башчы жасалган иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттөрүнө аяктоону тапшырды. Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Арал айылында жайгашкан накта шире чыгаруучу цехи менен таанышты.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Saat_kg
6-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлөт, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1722, күндүз 3136;Таласта түнкүсүн 1116, күндүз 3035;Баткенде түнкүсүн 1823, күндүз 3338;Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1823, күндүз 3237;Ысык-Көлдө түнкүсүн 1217, күндүз 2429;Нарын облусунда түнкүсүн 914, күндүз 2530;Бишкекте 6-августта күн ачык, абанын температурасы түнкүсүн 2022, күндүз 3436 градус болот.
Saat_kg
2018-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык мектептери Интернетке кошулат. Бул тууралуу 3-августта өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду. Мектептерди дүйнөлүк түйүнгө кошуу милдеттенмесин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети моюнуна алды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы окуу жылдын башына чейин өлкөнүн ичиндеги мектептердин 80 пайызына Интернет желеси тартылсын, ал эми 31-декабрга чейин 100 пайыз мектептерде Интернет пайда болсун деп тийиштүү органдарга тапшырма берди. Биз инновациялык мектеп, жаңы технологияларды, билим берүүнүн жаңы ыкмаларын жеткиребиз десек ар бир мектепте Интернет болуш керек да. Ошондуктан биз биринчи интернетти жеткирип коюп андан кийин жаңы ыкмалар, жаңы технологиялар киргизилет деп айтышыбыз керек. Мектепке Интернет барды деген бул ар бир айылга интернет кирди деген сөз, -деп айтылат маалыматта.3-августта өкмөттө жыйын болуп, анда окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыгы жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү тууралуу маселелер каралды.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-августта КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Дамир Сагынбаев Мамлекет башчысына КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлердин 73809 аскердик бөлүгүнүн жоокерлерин аскердик кызматта шартталбаган жумуштарга тартуу жана ошондой эле айрым жоокерлердин денесине залал келтирген аскерлер ортосундагы уставдык эмес мамилелер фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү боюнча маалымат берди. Кылмыш иши 2018-жылдын 18-июнунда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 305 беренесинин 1-б. 3-п. Тиешелүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын август айынын башында даяр болгон сот-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө күнөөлүү адамдарды аныктап, учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге мыйзамды жана аскердик тартипти бузууга алып келген, аталган аскердик бөлүктүн командачылары тарабынан жол берилген себептерин жана шарттарын дыкаттык менен иликтеп, бул сыяктуу фактыларды башка аскердик бөлүктөрдө болтурбоо үчүн алдын-ала чараларды көрүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, Аскердик прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күнөөлүүлөрдү кылмыш жообуна тартуу боюнча көрсөтмө берилди.
Saat_kg
Бишкектин борборунда жардыруу болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу жеке булактар билдиришти. Маалыматка ылайык, кол салуу болгон россиялык ишкер Александр Гайдуков мергенчилик куралдарын сатуу менен алектенет. Жардыруудан эки адам жабыркап, алар ооруканага жаткырылды. Белгилей кетсек,2016-жылы дагы бул ишкердин өмүрүнө кол салуу болгон. Учурда окуя болгон жерде экспертиза жүрүүдө.
Saat_kg
Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын саламаттыгын көзөмөлдөп, алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын тез жардам унаасы ишке кирди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын саламаттыгын көзөмөлдөп, алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын тез жардам унаасы алынды. Тез жардам унаасы бардык жабдуулар менен камсыздалып, тиешелүү дары-дармектер жетишээрлик. Эми жаңы алынган тез жардам унаасы менен КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Мекке шаарына жиберилген дарыгерлер иш алып барышып, ажылардын саламттыгын көзөмөлдөшмөкчү. Тез жардам унаасын Мекке шаарындагы демөөрчүлөр алып беришип, эми ар жылы ажылыкка барган мекендештерибиздин саламаттыгын көзөмөлдөөгө өз салымын кошуп турмакчы. Албетте, тез жардам унааасы биз үчүн күтүлбөгөн чоң бир жаңылык болду. Эми атын атагысы келбеген демөөрчү тарабынан алынган тез жардам унаасы ажылардын саламаттыгын ар бир мейманканага барып көзөмөлдөп, оорп калгандары болсо ооруканага дароо жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Быйыл ажылыкты уюштурууда абдан бир чоң жылыштар болуп, мекендештерибиз үчүн шарттар жакшырууда, деди жеринде муфтияттын маалымат бөлүмүнүн кызматкери.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын ашыртмалы аба гюреши (түрк элинин улуттук күрөшү) боюнча курама командасы 18-июлдан 2-августка Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдануу максатында окуу-машыгуусун төмөнкү курам менен өткөрүштү. Садыралы уулу Нурлан 1995 ж. Темирлан Термесов 1997 ж. Тариел Усенов 1990 ж. Эсенбек уулу Тамчы 1996 ж. Нияз Курманкулов 1969 ж. Бейбарс Чоокбаев 1996 ж. Ильич Дыйканов машыктыруучу. Кыргыз Республикасынын ашыртмалы аба гюреши боюнча курама командасынын окуу-машыгуусун өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 109 миң сом бөлүндү. Ашыртмалы аба гюреши түрк элинин улуттук күрөшү. Ашыртмалы аба гюреши түрк гюреш күрөшүнүн салттуу түрүнүн бири. Ошондой эле кийимчен балбандар кармашкан байыркы жана алгачкы күрөштөрдүн катарында. Бул күрөш аскердик даярдыктарда колдонулган. Атаандаштын кийиминин жана денесинин каалаган жеринен кармап жыгуу Ашыртмалы аба гюрешинин негизги өзгөчөлүгү. Күрөшүү техникасы бутту колдонуу, белден жана чапандан, же бир бутунан жана белинен кармап жыгуу сыяктуу ар түрдүү ыкмаларга бай. Кармашуу улуттук аспаптар: барабан жана үйлөмө аспаптардын чертилүүсү менен коштолот. Балбандар кой терисинен (аба) жасалган, колдор үчүн, кесилген жырыгы бар кыска жамынма же чапандарды кийип кармашууга чыгышат. Балбандардын кийими кой терисинен (аба) жасалгандыгы үчүн күрөш да ушуга жараша аталып калган. Күрөштүн бул түрүндө балбандардын негизги милдети болуп аттандашынын белинен кармап, чалкасынан көтөрүп чабуу болуп саналат.
Saat_kg
АКШнын Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ниетин экономикалык согуш жарыялоо катары баалоого болот. Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди. Эгер банктардын ишмердүүлүгүнө же болбосо тигил же бул валютаны колдонууга тыюу салуу өңдүү чектөөлөр болсо, анда аны ачык эле экономикалык согуш жарыялоо деп айтууга болот. Ал санкцияларга реакция кылып, экономикалык, саясий, зарыл болсо башка жолдор менен да жооп берүүгө туура келет, деди Медведев. Ал буга чейин киргизилген чектөө чаралары өлкө экономикасына таасир этип жатканын моюнуна алды. Медведевдин айтымында, санкциялар Орусияны эл аралык аренадагы күчтүү атаандаштардын катарынан чыгаруу үчүн киргизилүүдө. АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары 22-августта күчүнө кирет. Алар Улуу Британияда мурдагы орусиялык чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу. Вашингтон Орусия Улуу Британияда нервди шал кылуучу затты колдонуу менен эл аралык укукту бузганын белгиледи. Жаңы санкциялар Орусияга авиацияда пайдаланыла турган электрондук жабдууларды эскпорттоого жана Аэрофлот авиакомпаниясынын АКШга учуусуна тыюу салат. Вашингтон санкциялар тууралуу жарыялагандан кийин Орусияда рублдин куну кескин төмөндөп кетти. Мындан тышкары америкалык сенаторлордун тобу Конгресске Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу мыйзам долбоорун алып чыкты. Алар орусиялык баалуу кагаздардын операцияларына чектөө киргизүүнү, орус банктарынын доллар менен эсептешүүсүнө бөгөт коюуну жана Москваны терроризмге демөөрчүлүк кылган өлкө катары таанууну сунуштап жатышат.
Saat_kg
11-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 1924, күндүз 3338,Талас жергесинде түнкүсүн 1419, күндүз 3035,Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1318, күндүз 2631,Нарын облусунда түнкүсүн 1015, күндүз 2833,Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2+3, күндүз 1318 градус ысыйт. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсун 2224, күндүз 3638 ысык болот.
Saat_kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алды. Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын ортосундагы эки жактуу мамилелер саясий сүйлөшүүлөрдү, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну эки достош элдин кызыкчылыктарында өз ара пайдалуу негизде өркүндөтүү жолу менен өнүгүүдө. Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы кеңейтүү үчүн бизде бардык негиздер бар. Ошону менен бирге туризм тармагында өз ара аракеттешүү жана инвесторлорду тартуу эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Учурда биздин республикага араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин көп бөлүгүн Сауд Аравия Королдугунан келген туристтер түзүшөт, деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Өз кезегинде Абдурахман бин Саид Аль-Жума өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүк жана өз ара сый-урматка негизделген ар тараптуу кызматташууну канааттануу менен белгиледи. Сауд Аравиясы конструктивдүү сүйлөшүүлөргө дайыма даяр жана Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу негизде тыгыз аракеттешүүлөрдү өнүктүрүүнү улантуу ниетинде. Кыргызстанга Сауд Аравиясынын инвесторлору кызыгышат, алар келип, бул жакта иштөөгө даяр. Сиздин сөздөрүңүздү ырастап белгилеп кетким келет, үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында эле Сауд Аравиясынан 7 миңдин тегерегинде турист келген. Мындай оң динамика эки жактын кызыкчылыктарына тең жооп берет деп ишенем, деди ал. Жолугушуунун жүрүшүндө Араб координациялык топторунун алкагында буга чейин макулдашылган социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну кошуу менен катар маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.
Saat_kg
Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарындагы Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруу болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саат 11:28 де милиция кызматына телефон чалуу болгон. Алар Исанов көчөсүндөгү үйдүн жанында жарылуу болгонун билдиришкен. Айтылган дарекке Биринчи май РИИБдин, ИИМ жана Бишкек ШИИБдин кызматкерлери жөнөтүлдү. Учурда ошол аймак курчоого алынып, эксперттер менен адистер иштеп жатышат. Ал эми күбөлөрдүн айтымында Александр Гайдуков аттуу орусиялык ишкерге кол салуу болгон.
Saat_kg